Израиль Ирандын соккусунун мизин кайтаруу канчага турганын эсептеп чыкты

© AFP / AFPTVИрандын чабуулу маалында Иерусалимде жардыруулар асманда
Ирандын чабуулу маалында Иерусалимде жардыруулар асманда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Жазылуу
Израилдин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Иран Израилге карай жалпысынан 170ке жакын учкучсуз учактарды, 30дан ашык канаттуу ракеталарды жана 120дан ашык баллистикалык ракеталарды учурган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ирандын жүздөгөн ракета жана учкучсуз учактар түрүндөгү чабуулунун мизин кайтаруу Израилге бир түндүн ичинде 1-1,3 миллиард доллар чыгымга учурашы мүмкүн деп билдирет РИА Новости.
Мындай сандарды Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Башкы штабынын финансы боюнча экс-кеңешчиси, резервдеги бригаданын генералы Рам Аминах айтканы белгиленди.
"Биз бир түн ичинде коргонуу үчүн 4-5 миллиард шекел (1-1.3 миллиард доллар) сарптадык", — деди Амина.
Расмий маалыматтарга караганда, Иран Израилге карай жалпысынан 300дөн ашык бутаны белгилеп, 170тей учкучсуз учакты, 30дан ашык канаттуу ракетаны жана 120дан ашуун баллистикалык ракетаны учурган. Ирандын ракеталары менен учкучсуз учактарынын көбү Израилдин аймагынан тышкары жакта атып түшүрүлсө, айрымдары өлкөнүн ичинде кулап, түштүктөгү аскердик базага анча-мынча гана зыян келтиргени белгиленди.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык күчтөрү) апрель айынын башында Израилдин учактары Сириядагы Иран консулдугун талкалаганына жооп иретинде Израилдин аймагына сокку урганын билдирди. Кол салуу, ар кандай булактарга ылайык, ондогондон жүздөгөн ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар, анын ичинде Shahed камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен коштолгон.
Пентагон Израилди колдой турганын билдирди, ал эми Ирандын БУУдагы миссиясы муну Тегеран менен Тель-Авивдин ортосундагы жаңжал деп атап, Вашингтонду "оолак болууга" чакырды.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Израилге каршы "Чындык убада" операциясы аяктаганын, Тегеран аны улантууну пландабай турганын билдирди.
Ал эми Израилдин армиясы жекшембиде өкмөт Ирандын чабуулуна байланыштуу жооп соккусу боюнча чечим кабыл аларын билдирди.
Түндө Иран Израилге абадан сокку жасады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2024
Түндө Иран Израилге абадан сокку жасады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0