Союздук республикаларда тышкы иштер министрликтерин түзүү зарылчылыгы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жаралган. Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Ведомствону Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары жетектечү. Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта ведомствонун штаты көбөйтүп, функциясы кеңейген.Sputnik Тышкы иштер министрлиги кандай жолду басып өткөнү тууралуу сүрөт түрмөк даярдап, кадрларды Борбордук архивден жана дипломаттардан алды.Тема боюнча:
80 жыл мурда түзүлгөн тышкы саясий ведомство дипломатия жаатында алгачкы улуттук кадрларды даярдоодо чоң мектеп болду.
Союздук республикаларда тышкы иштер министрликтерин түзүү зарылчылыгы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жаралган. Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Ведомствону Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары жетектечү. Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта ведомствонун штаты көбөйтүп, функциясы кеңейген.
Sputnik Тышкы иштер министрлиги кандай жолду басып өткөнү тууралуу сүрөт түрмөк даярдап, кадрларды Борбордук архивден жана дипломаттардан алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун курамындагы Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Афганстандагы өкүлү кыргызстандык дипломат Сабырдин Турсунов (сол жактан төртүнчү) жергиликтүү көчмөндөрдүн арасында. 1960-жылдар
СССРдин Вьетнамдагы элчилигинин кызматкери Касымбай Намазбеков (сол жактан биринчи) моңгол жана советтик кесиптештери менен. 1971-жыл, 3-январь. Ханой, Түндүк Вьетнам.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Сакин Бегматова Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрүнө арналган митингде. Душанбе, 1976-жыл.
Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрү. Кыргыз делегациясы Исфара шаарында, алдыңкы планда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова. Ал 1953-1963- жылдары республиканын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаеванын Индияга иш сапар менен барган учуру. 1990-жыл, Калькутта.
Кыргызстандын башчысы Аскар Акаев Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто менен жолугушууда. Евгений Каблуков урду тилинен которуп берип жатат. Исламабад, 1994-жыл, декабрь.
Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Саралинов (сол жакта) Монголиянын президенти Нацагийн Багабандиге ишеним грамотасын тапшырып жаткан маалы. Улан-Батор, 1998-жыл.
"Кыргызстан дипломаттары" коомдук бирикмесинин төрагасы, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (трибунада) сүрөтчү Таалайбек Усубалиевди "Тилекмат аке" төш белгиси менен сыйлап жаткан маалы. Бишкек, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана. 2018-жыл, май.