https://sputnik.kg/20240308/aksh-prezident-shajloo-sayasat-1083268356.html
Карлсон: адилеттүү шайлоодо Байден жеңишке жетпейт
Карлсон: адилеттүү шайлоодо Байден жеңишке жетпейт
Sputnik Кыргызстан
АКШда президенттик шайлоону өткөрүү ушул жылдын ноябрь айына белгиленген. 08.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-08T13:37+0600
2024-03-08T13:37+0600
2024-03-08T13:37+0600
дүйнөдө
акш
президент
шайлоо
саясат
жо байден
https://sputnik.kg/img/07e8/03/08/1083267064_0:0:3070:1728_1920x0_80_0_0_d3a1f2a7d628ec88da6c6186a68570b3.jpg
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Эгерде АКШдагы кезектеги президенттик шайлоо адилеттүү өтө турган болсо Жозеф Байден жеңишке жетпейт. Бул тууралуу журналист Такер Карлсон эфирде билдирип, ал видео Х социалдык тармагына жайгаштырылганын "Известия" жазды. Журналист Америка лидеринин АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр палатасынын алдында сүйлөгөнү боюнча пикирин билдирген.Карлсондун айтымында, америкалык ЖМКлар бул тууралуу ачык жазууну каалашпайт. Ошондой эле журналист Байденди АКШны чет өлкөдөгү дагы бир согушка жетелеп барды деп айыптаган. Журналист “Вашингтон мындай кадамга чет элдиктердин кызыкчылык-талабынан улам барууда” деп белгилеген.АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да Байдендин саясаты өлкөнү оор кырдаалга – чоң инфляцияга кептегенин билдирген. Ал Байдендин Конгресске кайрылууларынын баарын "улутту шылдың кылуу" деп сыпаттаган.CBS News жана YouGov компанияларынын сурамжылоолорунун натыйжасы АКШнын жарандарынын 61 пайызы коомчулук бөлүнүп-жарылып кеткен деп эсептей турганын, 45 пайызы өлкө чөгүп баратат деп ойлошорун көрсөткөн. Дагы 37 пайызы Америка алсыз деп билдирген.Ушул жылдын 21-февралындагы сурамжылоолорго катышкандардын 70 пайызы Байден кайра шайлануу үчүн жашы өтүп калды деп билдиришкен. Ал эми 57 пайызы Байдендин негизги атаандашы боло турган Дональд Трамптын жаш курагы төрт жыл президент болууга мүмкүндүк берет деп жооп беришкен.АКШдагы кезектеги 60-президенттик шайлоо ушул жылдын 5-ноябрында өтөт деп пландалган. Эгерде анда азыркы президент утулуп калса такка өлкөнүн 47-президенти келет. Август-сентябрь айларында партиялардын съезддери өтөт, анда ар бир партиядан бирден талапкерлер бекитилет. Жыйынтыктоочу этап – ноябрдагы добуш берүү болот.
https://sputnik.kg/20240227/kongress-baydendi-biylikten-chettetuu-boyuncha-rezolyutsiya-dayardoodo-1082983002.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/08/1083267064_198:0:2929:2048_1920x0_80_0_0_239d000b452765329c46d6493ad069f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, президент, шайлоо, саясат, жо байден
дүйнөдө, акш, президент, шайлоо, саясат, жо байден
Карлсон: адилеттүү шайлоодо Байден жеңишке жетпейт
АКШда президенттик шайлоону өткөрүү ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Эгерде АКШдагы кезектеги президенттик шайлоо адилеттүү өтө турган болсо Жозеф Байден жеңишке жетпейт. Бул тууралуу журналист Такер Карлсон эфирде билдирип, ал видео Х социалдык тармагына жайгаштырылганын "
Известия" жазды.
Журналист Америка лидеринин АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр палатасынын алдында сүйлөгөнү боюнча пикирин билдирген.
“Адилеттүү шайлоодо Жозеф Байден жеңишке жетпейт. Ал ноябрда утулуу ызасын тартат, жеңе албайт", — деген.
Карлсондун айтымында, америкалык ЖМКлар бул тууралуу ачык жазууну каалашпайт. Ошондой эле журналист Байденди АКШны чет өлкөдөгү дагы бир согушка жетелеп барды деп айыптаган. Журналист “Вашингтон мындай кадамга чет элдиктердин кызыкчылык-талабынан улам барууда” деп белгилеген.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да Байдендин саясаты өлкөнү оор кырдаалга –
чоң инфляцияга кептегенин билдирген. Ал Байдендин Конгресске кайрылууларынын баарын "улутту шылдың кылуу" деп сыпаттаган.
CBS News жана YouGov компанияларынын сурамжылоолорунун натыйжасы АКШнын жарандарынын 61 пайызы коомчулук бөлүнүп-жарылып кеткен деп эсептей турганын, 45 пайызы өлкө чөгүп баратат деп ойлошорун көрсөткөн. Дагы 37 пайызы Америка алсыз деп билдирген.
Ушул жылдын 21-февралындагы сурамжылоолорго катышкандардын 70 пайызы Байден кайра шайлануу үчүн жашы өтүп калды деп билдиришкен. Ал эми 57 пайызы Байдендин негизги атаандашы боло турган Дональд Трамптын жаш курагы төрт жыл президент болууга мүмкүндүк берет деп жооп беришкен.
АКШдагы кезектеги 60-президенттик шайлоо ушул жылдын 5-ноябрында өтөт деп пландалган. Эгерде анда азыркы президент утулуп калса такка өлкөнүн 47-президенти келет. Август-сентябрь айларында партиялардын съезддери өтөт, анда ар бир партиядан бирден талапкерлер бекитилет. Жыйынтыктоочу этап – ноябрдагы добуш берүү болот.
27 Бирдин айы 2024, 10:18