АКШ Конгрессинде Байденди бийликтен четтетүү боюнча резолюция даярдалууда

© AFP / SAUL LOEBВашингтондогу Капитолийдин имараты. Архив
Вашингтондогу Капитолийдин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Анткен менен Ак үйдүн башчысы нааразылыгын билдирип, атайын кайрылуу жасап, эске тутуусу "ойдогудай, баары жакшы" экенин айткан.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Кен Бак өкмөттү Баш мыйзамга киргизилген 25-түзөтүүдөн пайдаланып Байденди ишинен четтетүүгө чакырган резолюция киргизүүгө ниеттенип жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
Бул норма эгерде администрациядагы жогорку кызматтагы аткаминерлер, вице-президент мамлекет башчы өзүнүн милдеттерин аткара албай калды деген жыйынтыкка келсе жогорудагыдай процессти баштоого жол берилет. Мындай учурда анын милдетин аткаруу орун басарына жүктөлөт.
Конгрессчинин пикиринде, буга атайын прокурор Роберт Хёрдун доклады салмактуу негиз болду. Документте Байденге күнөө тагуу зарылдыгы боюнча айтылган эмес, прокурор аны "эс тутуму начарлаган улгайган адам" катары мүнөздөгөн.
Бак докладда көп америкалыктар өздөрү көп учурда күбө болгон нерсе — АКШ президентинин администрация башчысынын милдетин аткарууга жөндөмсүздүгү көрсөтүлгөнүн айткан.
"Биздин өлкө туш келген социалдык көйгөйлөр менен коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер арбын, ал аткаруу бийлигинен акыл-эс жагынан күчтүүлүктү жана дене бой жагынан кадыресе формада болушун талап кылат. Министрлер кабинети менен вице-президентке өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, 25-түзөтүүнү пайдаланып алдыга жылууга мезгил жетти", — деп белгилеген конгрессчи.
Соңку жумаларда Байдендин акыл-эси жана эске тутуусундагы көйгөй кайрадан көтөрүлө баштады: тарыхты үч ирет кайталап айтып, учурдагы президенттердин ордуна жаңылып андан мурдагыларды, көзү эбак өтүп кеткендерин атаган.
Нааразылыктын толкунун Хёрдун отчету да жараткан. Президент жашыруун документтерди тиешелүү абалда сактабаганын иликтеген териштирүү соңуна чыккан. Анда атайын прокурордун командасы менен сүйлөшүп жатканда Байден вице-президенттик кызматтагы жылдарын жана уулу Бонун качан каза болгонун эстей албай койгон.
Анткен менен Ак үйдүн башчысы берилген мындай баага нааразылыгын билдирип, атайын кайрылуу жасап, эске тутуусу "ойдогудай, баары жакшы" экенин айткан. Бирок Байден кайрылуусунун аягына чыгып бара жатып кайрадан жаңылган, тагыраагы, Египетти Мексика менен алмаштырып алган.
АКШ президенти Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Байдендин импичменти боюнча иликтөөнү колдошту. Өкүлдөр палатасынын кадамы
Жаңылыктар түрмөгү
0