Садыр Жапаров: сөз эркиндиги боюнча рейтингди ага жамынган бузукулар түзөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Өлкө башчы Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги сакталып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчы Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги сакталып жатканын айтып, "Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады" деген кептерге жооп берген.
"Дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок. Сөз эркиндиги жок дегендер — "сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер. Сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн "лжемекенчилдер". Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. Алар "сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып биздин менталитет, салт, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат", — деген өлкө башчы.
Ал өлкөдө ким эмнени кааласа ошону сүйлөп жатканын, ой-пикир айтууга тыюу жок экенин кошумчалаган. Президент демократия боюнча да оюн айтып, Кыргызстанды сындап жаткан өлкөлөрдүн өзүндө демократия жок экенин белгилеген.
"Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Демократия десе эле жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып жатышат. Биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек", — деген ал.
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Садыр Жапаров журналисттердин кармалышы боюнча пикирин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0