Садыр Жапаров журналисттердин кармалышы боюнча пикирин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Президент кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес деп билдирген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде 11 журналисттин кармалышы боюнча пикирин билдирди.
Өлкө башчысына масс-медиа менен иштешкен чет элдик бир катар уюмдар, эл аралык институттардын өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигин кармалган журналисттерди коё берүүгө чакырышканын айтып, суроо беришкен.
Жапаровдун айтымында, кармалгандар — кесипкөй журналисттер эмес. Өлкө башчысы аларды социалдык тармактарды колдонуу менен түрдүү маалыматтарды, анын ичинде улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан билдирүүлөрдү жоопкерчиликсиз тараткан блогерлер деп атаган.

"Бардык укуктук өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген бар. Буга байланыштуу таратылган маалыматтын тактыгына биринчи кезекте ошол өздөрүн журналист, блогер деп санагандар жоопкерчилик алышы керек. Биз айрым блогер, активисттер ачык эле жалган, туура эмес маалыматтарды таратканына күбө болдук. Көпчүлүк учурда атайылап, айрым учурда өздөрү байкабастан аймактар аралык, диний, улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган, мыйзамсыз иштерге, башаламандыкка үгүттөөгө аракеттер болду", — деди президент.

Ал белгилегендей, түрдүү тобокелдиктер бар азыркы мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышта. Президент бүгүнкү күндө демократиялык жактан өнүккөн делген мамлекеттер сөз эркиндигин саясий максаттарга, коомчулукту бөлүп-жарып ызы-чууга колдонууга чектөөлөрдү киргизгендигин кошумчалаган.
"Буга байланыштуу алдын алуу чараларын көрүүгө мажбурбуз, себеби бул өлкөнүн улуттук коопсуздугу менен түз байланыштуу болуп жатат", — деген өлкө башчы.
Жапаров түрдүү фонд, уюмдардан грант алган ЖМКларды атады. Алар: factcheck.kg интернет-ресурсу (башкы редактору Болот Темиров), 2020 жылдан 2022-жылга чейин Демократияны колдоо боюнча улуттук фонддон (NED) 142 миң 900 доллар алган; kloop.media, 2021-жылы NED 585 миң 900 доллар бөлгөн; ушул эле 2021-жылы бир катар бейөкмөт уюмдар жана көз карандысыз журналисттер NED фондунан 90 миңден 220 миң доллар өлчөмүндө грант алышкан. Жалпысынан kloop.media, Медиахаб, kaktus.media, "ПолитКлиника", factcheck.kg, T-Media жана башка маалымат булактары жыл сайын чет элдик донорлордон 600 миң доллардан ашык грант алышкан; 2017-жылдан 2020-жылга чейин Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга, журналист, блогерлерге 8 миллион 471 миң 614 доллар которгон.

"Бул гранттар сөз эркиндигин, медиакоомчулукту колдоо жана башка ушул өңдүү багыттагы долбоорлордун алкагында бөлүнөрүн түшүнүп турабыз. Бирок иш жүзүндө каражат башка максаттарга: бийликти дискредитациялоого, мамлекеттик саясатты каралоого, мыйзамсыз иштерге чакырыктарды жасоого, жалпысынан алганда, улуттук коопсузукка коркунуч туудурган жалган маалыматтарды таратууга жумшалып жатат", — деген Жапаров.

Буга чейин Ички иштер министрлиги интернетте мониторинг жүргүзүлгөнүн айтып, "Айт, айт десе" жана Temirov Live аталышындагы соцбаракчалардан башаламандыкка чакырган белгилер аныкталганын билдирген. Бул иш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын алкагында 11 журналист кармалып, тергөө абагына эки айга камакка алынган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жогорку Кеңештин төрагасы: ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам өзгөртүүгө муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0