Төшөккө жатып калгыча иштеди. Жумабек Ибраимовдун байбичеси менен маек

© Фото / семейный архив ИбраимовыхБелгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов
Белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
Белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы экс-премьер-министрди эскерип, анын байбичеси Шайыр Сагынбаева менен маек курду.
— Жумабек Ибраимовдун балалыгы согуш жылдарынан кийинки оор учурга туш келген экен.
— Жумабек беш жашында эле мектепте билим ала баштаган. Акай атасынын бир тууган агасы Ибраим баласы жок болгондуктан менин жолдошумду багып алып, башкаларга караганда кийими бүтүн, курсагы ток болуп өскөн. Бакма ата-энеси 7-классына чейин алаканына салып эрке кылып өстүрөт. Ошол жылы атасы каза болуп калып Жумабекке оор түйшүк жүктөлөт. Ал үйдөгү оокаттын баарын өзү кылып, кыйынчылык менен коштолгон күндөрдү башынан кечирет. 9-классты бүткөндөн кийин борбор калаага келип Политехникалык институтка өтүп күндүз ар кандай оор жумушта иштеп, кечкисин билим алат. Аскерге чакыртылган жылдары үч жылга окуусу токтоп калган. Кызмат өтөп жүргөн кезде такшалып, спорт менен алектенет. Кийин кайтып келгенде окуусун улантып, жогорку окуу жайды аяктап, ошол эле жерде мугалим болуп иштеп, ара-чолодо Фрунзе заводунда да эмгектенген экен. Жумабек өндүрүштөгү конвейердеги станокту толугу менен чечип оңдоп, кайра өз идеяларын кошуп кураштырып койчу. Негизи эле бир ишти баштаса, аягына чыкмайынча баш көтөрчү эмес. Үйдө деле телевизор иштебей калса, толугу менен чачып оңдоп кайра чогултуп койчу.
© Фото / семейный архив ИбраимовыхШайыр Сагынбаева: Иштин майын чыгара билген кызматкер экенин байкаган жетекчилер жолдошумду карандаш заводдун директору кылып дайындаган
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Шайыр Сагынбаева: Иштин майын чыгара билген кызматкер экенин байкаган жетекчилер жолдошумду карандаш заводдун директору кылып дайындаган
— Борбор калаада бир катар ишканаларда иштеп жүрүп, эмгек жолун Балыкчыда уланткан экен. Ысык-Көлгө эмне себептен кетти эле?
— Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунда мастер, инженер, конструктор болуп иштеп жүргөндө апасы катуу оруп калган. Шаарда оңгулуктуу жашаган үйү болбогондуктан Ысык-Көлгө кетүүгө аргасыз болот. Балыкчыда да өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көргөзгөн. Иштин майын чыгара билген кызматкер экенин байкаган жетекчилер жолдошумду карандаш заводдун директору кылып дайындаган. 1985-жылы Балыкчынын элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, кийин Коммунисттик партиянын шаардык бөлүмүндө биринчи катчы болуп иштеген. Кийин Абсамат Масалиев Фрунзеге чакыртып Компартиянын Борбордук Комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиясынын экинчи катчысы кызматтарына бекиткен. 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советтинин депутаты болуп шайланды.
— Өлкө эгемендүүлүк алган 90-жылдардын башында ишсиз калган учурлары болдубу?
— Ооба, андай кездери болду. Андан кийин "Жанар" акционердик коомун башкарып, Фрунзе ЭВМ заводун жетектеп калды. Ошол завод кезинде союздук деңгээлдеги буюртмаларды аткарып, өзүн-өзү толук камсыздап турган экен. Союз ыдырагандан кийин токтоп, ишкана таланып-тоноло баштады. Чындыгында, ал кезде өлкөдө абал оор болчу. Дүкүлдөп иштеп турган ишканалар токтоп, эл жумушсуз, айлык акысыз калган. Жумабек дарбазасы ачык, эшик-терезеси талкаланган заводдун багытын өзгөртүп, эски станокторду элге керектүү башка продукцияларды чыгарганга ылайыкташтырган. Жолдошумдун мындай тажрыйбасын башка завод-фабрикалар да колдонуп, эл чарбасына керектүү товарларга ыкташкан.
© Sputnik / Александр ФедоровШайыр Сагынбаева: Кайра жанданган ишкананын жумушчуларына айлыгын берип, карапайым элдин маселесин чечип эл оозуна алынып калганда Акаев чакыртып Бишкек шаарынын башчысы кылган
Известный государственный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Шайыр Сагынбаева: Кайра жанданган ишкананын жумушчуларына айлыгын берип, карапайым элдин маселесин чечип эл оозуна алынып калганда Акаев чакыртып Бишкек шаарынын башчысы кылган
— Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин көзүнө илинип, Бишкекке мэр болуп дайындалды да?
— Кайра жанданган ишкананын жумушчуларына айлыгын берип, карапайым элдин маселесин чечип эл оозуна алынып калганда Акаев чакыртып, Бишкек шаарынын башчысы кылган. Мэр болуп иштегендеги бир кызыктуу окуяны айта кетпесем болбойт. Биз резиденцияда жашайбыз. Бир күнү эртең менен кызматтык автоунаасы менен шаарга жумушка келе жатсак, эл аялдамада коомдук транспорт күтүп тим эле толуп калыптыр. Жумабек аны көрө калып башын жерге катып уялып өттү. Анан "мен машина менен кетип баратсам элдин баары суукта жөө, кыйналып аялдамада турушат" деп маанайы түшкөн. Шак эле "Волганын" ичиндеги кызматтык телефонун алып транспорт жагын караган жетекчилерге чалып, аларды катуу урушканы эсимде.
Бир жолу 31-декабрда Жаңы жылды талаада тосконун да унутпайм. Майрам күнү эски аэропорттун жанындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн тургундары жарыгыбыз, саркынды суу кеткен түтүктөрүбүз жок деп арызданат. Жумабек энергетик, башка тиешелүү кызматкерлерди чогултуп барып, түндө эл менен кошо жер казып, түтүктөрүн кошуп, электр энергиясын туташтырып берген. Ошол кыйын учурда элдин толгон-токой көйгөйүн чечүүдө Аскар Акаевдин үзөңгүлөштөрүнүн эмгеги зор. Шаардагы коомдук транспорттун жүрбөй калышына себептер көп болгон. Мисалы, жөнөкөй эле күйүүчү май сырттан келбей калганда борбор калаадагы каттамдар жүрбөй калчу.
© Sputnik / Александр ФедоровШайыр Сагынбаева: Жумабек кайсы кызматта болбосун эл аралап, карайым элге жакын эле. Аткаруу бийлигинде жүргөндө кокту-колот, колхоз-совхоздорду кыдырып кетчү
Известный государственный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Шайыр Сагынбаева: Жумабек кайсы кызматта болбосун эл аралап, карайым элге жакын эле. Аткаруу бийлигинде жүргөндө кокту-колот, колхоз-совхоздорду кыдырып кетчү
— Анан Аскар Акаевдин кеңешчиси, мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеп калды?
— Ооба. Калаа башчысы болуп жүргөндө "элди аралап иштеген мэр" деген көп мактоо сөздөрүн угат. Ал сөздөр Акаевге да жетет. Президент Жумабекти бир эле маалда президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы кылган. Андан соң президенттин кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болду. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматын аркалаган. Жумабек кайсы кызматта болбосун эл аралап, карапайым элге жакын эле. Аткаруу бийлигинде жүргөндө кокту-колот, колхоз-совхоздорду кыдырып кетчү. "Жөнөкөй эл менчиктештирүү, айыл чарбадагы мал, жерлерди бөлүштүрүү жараяндарынан кабардар болуп, ага жигердүү катышышы керек" дечү.
— Жумабек Ибраимов кыйын кезеңде өкмөт башчы болгондуктан талапты катуу койгон премьер-министр болгон деп калышат...
— Ал кызматта төрт эле ай иштеди. Жылдын башында дайындалып, апрель айында кайтыш болуп калды. Жумабектин жакындары деле чоң кызматта иштеген эмес. Ал өзүн-өзү көтөрүп чыкты, түртмөлөгөн деле киши болгон жок, эч кимге карыз эмес болчу. Ошондуктан Жумабек кайсы кызматка барбасын коркпой реформаларды жүргүзүп, кадрдык маселелерди өзү чеччү, жалтактачу эмес. Бир жолу түндө резиденциянын залында өкмөт мүчөлөрүн чогултуп алып каржылык маселелерден улам катуу ызылдатканы эсимде. Мындай кара терге түшүп иштеген учуру көп болгон.
© Фото / семейный архив ИбраимовыхШайыр Сагынбаева: Жолдошум кызматта жүрүп операция болуп, кызматта жүрүп аркы дүйнөгө кете берди
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Шайыр Сагынбаева: Жолдошум кызматта жүрүп операция болуп, кызматта жүрүп аркы дүйнөгө кете берди
— Жогорку кызматтарда иштеп жүргөндө онкологиялык илдет менен алышкан экен. Эмнеге кызматтан кетип калган эмес?
— Жолдошум кызматта жүрүп операция болуп, кызматта жүрүп аркы дүйнөгө кете берди. 1996-жылы ашказанында жара бар экенин билдик. Кийин катуу ооруп калганда Москвадан операция кылдырттык. Ошол маалда президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, мамлекет бизге борбор калаадан экинчи кабаттан батир берет, мен деле аны билбейм. Биз менен чогуу бешинчи кабаттан пенсия курагындагы түгөйлөр да батир алат. Алар Жумабекке келип "биз жакшы баса албайбыз, бешинчи кабатка чыгуу оор болуп калат экен, алмашпайлыбы" десе, аны бере коет. Байкуш катуу ооруп калганда өзүн бешинчи кабатка эптеп түртмөлөп чыгарып жүрдүк. Тамак ичпей арыктап, алы кетип калган эле. Ошондо деле кызматын таштап кеткиси келген жок. "Кичине болсо да элиме жардамым тийсин, кызмат кылышым керек" деп туруп алды. Мен "президентке айт, немисче деги билесиң, Европа жакка элчи болуп кетип ден соолугуңду жакшыртып келели" десем макул болбой койду.
Акыркы жылдары тамак жебей калган, кичине кургатылган мөмө жечү.Төшөктө өзү араң жатса күндө үйгө жардам сурап толтура адам келет. Жумабек өзү үйдө операциядан кийин төшөктө эптеп жатат, бирок аймактан келгендерди жатып алып четинен кабыл алып, көйгөйүн угуп, тияк-биякка чалып "баланча барат, кичине көмөктөшүп койгула" деп кеп-кеңеш берип турду. Ал кезде мүлк башаламандык менен колдон-колго өтүп сатылып жаткан учур эле. Бирөө миң гектар жерге ээ болсо, башкасы кичинекей жер тилкесине жетпеген мезгил болгон. Жолдошум башкалардай болуп "жер ала калайын", "имараттарды каттай калайын", "бир нерсени өзүмө өткөрө салайын" деген жок. Ошол принциптери мени таң калтырат. Анткени 90-жылдардын башында чоң кызматта иштеген адамдарды кой, жөнөкөй эле колхоздун башкармасы, айылдын башчылары далай кашар, кампа, автоунаа, малды өзүнө, жакындарына каттатып жиберген. Жумабек өкмөт башчысы болуп турса да кичинекей жер тилкесин алган жок. Уул-кыздарына да эч нерсе каттаттырган эмес. Мен "балдар иштегенге деле бир имарат ижара алып берчи, андан ары менчиктештирип алышат да" десем, ошону да аларга ыраа көргөн жок.
© Фото / из семейного архива ИбраимовыхШайыр Сагынбаева: Уул-кыздарынан эч кимиси мамлекеттик кызмат менен кеткен жок
Известный государственный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Шайыр Сагынбаева: Уул-кыздарынан эч кимиси мамлекеттик кызмат менен кеткен жок
— Мамлекеттик ишмердин уул-кыздарынын ичинен ата жолу менен кеткендер болдубу?
— Уул-кыздарынан эч кимиси мамлекеттик кызмат менен кеткен жок. Жумабек көзү өтүп кеткенден кийин деле аларга каралашкан адам болгон жок, тескерисинче, артыбыздан түшүп алгандар болду. Мисалы, 2000-жылдардын башында мен борбор калаадагы Бакыт үйүндө иштеп жүргөм. Көп адам келип, кызматыңызды тапшырыңыз деп коркутуп жүрүп, аягында кетирип тынышты. Ошондон кийин мамлекеттик кызматтан кетип, ары-бери чуркап жүрүп бизнеске аралашып кеттим.
Тема боюнча:
Бир тууган эжеси Кытайда сатылып кеткен. Казы Дыйканбаевди эскерүү
Президент колундагы алтын саатын чечип берген. Марат Алышпаевди уулу эскерди
Меңди Мамазаированын уулу: апам эми да мыкты чыгармаларды жаратарына ишенем
Жөнөкөйлүгүнөн жазбады. Сүймөнкул Чокморовдун агасынын эскерүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0