Меңди Мамазаированын уулу: апам эми да мыкты чыгармаларды жаратарына ишенем
18:33 14.01.2024 (Жаңыртылды: 11:01 16.01.2024)
© Фото / из семейного архива МамытовыхАкын Жолон Мамытов менен Кыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаирова
© Фото / из семейного архива Мамытовых
Жазылуу
Былтыр кыргыз эл акыны, прозаик, драматург Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси өттү. Акын башынан бир катар кыйынчылыкты өткөрүп, замандын кандай учуру болсо да калемин таштаган эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында айтылуу акын Жолон Мамытов менен Кыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаированын уулу Маяк Мамытов болду. Биз залкар инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Алгач апаңыздын ата-теги тууралуу айтсаңыз?
— Белгилүү адамдын баласы болуу чоң жоопкерчилик. Бой жетип эс тартканда кайрадан анализдеп, ой жүгүртөт экенсиң. Бактылуу, абдан үлгүлүү, сонун үй-бүлөдө чоңойдум деп ойлойм. Үй-бүлөбүз советтик принциптерге, ата-бабалардын салттуу тарбиясына негизделген эле. Майрамдарды үйдө чогуу сонун өткөрчүбүз. Ата-энем — мамлекет үчүн, кыргыз үчүн кызмат кылган адамдар. Бир туугандардын ичинен мен китепке жакынмын. Азыр ойлосом, көбүнчө апабыздын тарбиясын алыптырбыз. Атам эртеден кечке иштеп, үй-бүлөнү коргоп багуу милдетин көбүрөөк аркалачу. Апамдын бала чагын эскергенин угуп жүрөбүз, баамымда, апам мээримге бөлөнүп чоңойгон кыз. Атам менен апам экөө тең мунгуш уруусунан, 12инчи атадан биригет. Жараткандын буйругу менен нике кайып болуп, эки чыгармачыл адам баш кошуп калышкан.
— Экөө бала кезинен эле тааныш болгон экен да?
— Ооба, экөө 6-класстан баштап бири-бирин жактырып, кат жазыша башташат. Атамдын атасы жок болгондуктан чоң энем уулун абдан эркелетип, эркин чоңойтуптур. Апам болсо коңшу Коңур-Жаз айылында туулуп, эки кыз, төрт уулдун ортончусу болот. Апамда эркектик кайсарлык, өжөрлүк бар. Тайманбастыгы менен көп ийгиликке жетет. Бала кезинде кечинде агалары коркуп эшикке чыкпай жатса "мен коркпойм" деп жулунуп барып, отун көтөрүп келчү экен. Анан апасы да "кызым кийин кыйын болот, карагылачы, эч нерседен коркпойт" десе сүйүнүп калчу экен. Ушул сыяктуу окуялары көп. Апам инилери эле эмес, агасына да тийишкендерди барып ордуна коюп койчу экен. Ал кезде балдар жумушка эрте тартылган да. Апам андан качып барып, чырактын жарыгында бекинип китеп окуп жатканда таенем китебин отко ыргыткан күндөрү болуптур. Ошондо эле билимге умтулган экен. Көгөрүп отуруп Оштогу интернатка окууга кетип калат. Абдан жакшы окугандыктан мугалимдери Фрунзеге окууга жөнөтөт, Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган. Жаш кезинен тил үчүн күйүп-бышкан. Бир ирет Төлөгөн Касымбековдун студенттер менен жолугушуусунда анын чыгармаларын талдап, алешем жерлерин белгилеп, жазуучуга тикенектей суроолорду берет. Буга таң калган жазуучу "ай кыз, ушу сен да бирдеме жазат окшойсуң, ээ" деп сураган экен.
© Фото / из личного архива Менди МамазаировойМамытов: бактылуу, абдан үлгүлүү, сонун үй-бүлөдө чоңойдум деп ойлойм
Мамытов: бактылуу, абдан үлгүлүү, сонун үй-бүлөдө чоңойдум деп ойлойм
© Фото / из личного архива Менди Мамазаировой
— Канча жашынан баштап жаза баштаптыр?
— 6-классында атам экөө бири-бирине ыр менен кат алмашышчу экен. Бала кезинен баштап ыр, очерктерди жаза баштаган.
— Акындар үй-бүлөдө ишке, бала тарбиясына, чыгармачылыкка убакыт бөлүүнү кандай чечишти?
— Апам канчалык өжөр болбосун, ыйбаа кылып, күйөөсүн сыйлаган. Көп учурда балдарды карап достордун шеринелерине деле барбай калчу экен. Ортодо бекем ишеним болгон. Менимче, Жолон Мамытовдун чыгармачылыгын түшүнгөн, баалаган адам катары апам атама иштөөгө шарт түзүп берүүгө абдан аракет кылган. Атамдын мойнунда деле балдарды асыроо милдети турган. Ошол себептен ал өзүнүн бир бөлүгүн мамлекеттик кызматтарга, бир бөлүгүн үй-бүлөгө, анан азыраак бөлүгүн поэзияга арнаган. Ушуга байланыштуу бир аз өкүнүү бар экенин атамдын сөзүнөн байкагам. Поэзия — бул романтика эмес. Кээде кайсы бир көрүнүшкө жан дүйнөң макул болбогон ички кармаштан да поэзия жаралат. Жаш кезде сүйүү башка, ал эми жаш өткөндөн кийин сүйүүгө да бөлөк көз караш менен мамиле жасап, мекенге, элге-жерге да сүйүүлөр жазылат. Апам атамдын кыйынчылыгын бөлүшө билди. Көпчүлүк аялдар күйөөсү иштен чарчап келгенде анын жан дүйнөсүн түшүнбөй, ар кайсыны айтып беймаза кылат. Атам да апамды абдан аярлаган. Илгертен кыргызда келин-кайнене маселеси бар эмеспи. Атам эшиктен бир нерсе алып келсе же жакшы тамак болуп калса эле "Меңди, Меңдушка келсин" деп апамды издеп турчу экен. Мунусу маркум чоң энеме жакпайт. Ал киши уулуна "сен аял жандуусуң" деп койчу экен. Апам азыркыга чейин "Жолон адамдын асылы эле, кайда болбосун үй-бүлөсүн ойлоп турчу" дейт.
© Фото / из семейного архива МамытовыхМамытов: ата-энем — мамлекет үчүн, кыргыз үчүн кызмат кылган адамдар
Мамытов: ата-энем — мамлекет үчүн, кыргыз үчүн кызмат кылган адамдар
© Фото / из семейного архива Мамытовых
— Акын коомдун күрөө тамырын кармап, аны окурмандын жүрөгүнө жеткире билиши керек. Меңди Мамазаирова поэзия эле эмес, драма да жазды...
— Мен да ыр жазууга аракет кылдым. Бирок болбоду. Анткени поэзия жазууга жүрөк керек. Башка акындар менен атамдын ырларын салыштырдым. Айрым акындар совет маалында заман ыргагы менен гана жазып кете берген. Бирок Жолон Мамытовдун ырлары өтө таасирдүү. Кээде апамдын да ырларын окуп калам. Жаш акындар да ырларын окутуп калат. Поэзия түбөлүк болушу керек. Апама да ал кишинин кара сөзүн абдан сыйлаарымды айтам. Демек, бул адамдын энергетикасына, парасатына туура келет. Апамдын студент кезиндеги, кийинки учурдагы поэзиясын абдан сыйлайм. Ал жерде лирика бар. Апам ортодо көп ыр жазбай калды. Себеби жолдошу чыгып келе жатканда өзүн тыйган экен. Апамдын сүйгөн жарын жоготкондон кийин жазган күйүт поэзиясы да күчтүү. Анын ар бир сабын түшүнөм. Драмасы да ошол кездеги мамлекет башчысы тарабынан жакшы бааланып, батир бөлүнүп берилген.
— Кезинде Жолон агайдын күйөрмандары да көп болсо керек. Буга апаңыз кандай мамиле кылды?
— Ар бир адамдын өзүнүн тагдыры болот. Аял-күйөөнүн денеси бири-бирине таандык болсо да жан дүйнөсү Жаратканга таандык. Адам жан дүйнөсүнө башка бирөөнү киргизбеши керек. Аялдын майда-чүйдө кызгануулары, күмөндөрү күйөөгө пайда алып келбейт. Апам атамдын күйөрмандарын туура кабыл алып "сени сүйсө, айта турган сөзүң бар экен" дечү. Болгону ошол.
© Фото / из семейного архива МамытовыхМамытов: үй-бүлөбүз советтик принциптерге, ата-бабалардын салттуу тарбиясына негизделген
Мамытов: үй-бүлөбүз советтик принциптерге, ата-бабалардын салттуу тарбиясына негизделген
© Фото / из семейного архива Мамытовых
— Жолдошу каза болуп, төрт бала менен калган оор учурду да баштан өткөрдү. Апаңыздын ошол абалын өз көзүңүз менен көрдүңүз...
— Ооба, ошондо кайгынын сазына батып, руху көмүлүп калды. Эки-үч жылдай депрессияда жүрдү. Ал кезде мен чоңоюп калгам. Москвадагы окуумду таштап, ини-карындаштарымды көтөрүүгө, апама жардам берүү үчүн иштеп жүрдүм. Абдан кыйналды, ырларды жаратты. Анан акырындан өзүнө келе баштады. Анын үстүнө Улуттук телерадиокомпаниясына жооптуу редактор катары жумушка кирип, күнүмдүк турмушка аралашып кетти. Канатын күүлөп отуруп бүгүнкү ийгиликтерине жетти.
— Атаңыз 1988-жылы каза болду. Көп өтпөй союз кулап, кризис башталып, материалдык жактан да оор болбодубу...
— Ал кезде көп адам сынды. Материалдык жактан кыйналган жазуучулар бирөөнүн колун карап жазбай да калды. Апам заманга ыңгайлаша алды. Туугандар арасында деле "жардам беребиз" дегендер болду. Бирок апам өжөрлүк менен бизди бутка тургузду. Апам эми да мыкты чыгармаларды жаратарына ишенем.
© Фото / из семейного архива МамытовыхМамытов: менимче, Жолон Мамытовдун чыгармачылыгын түшүнгөн, баалаган адам катары апам атама иштөөгө шарт түзүп берүүгө абдан аракет кылган
Мамытов: менимче, Жолон Мамытовдун чыгармачылыгын түшүнгөн, баалаган адам катары апам атама иштөөгө шарт түзүп берүүгө абдан аракет кылган
© Фото / из семейного архива Мамытовых
— Акыркы учурда белгилүү инсандардын маараке өткөргөнү да сынга кабылып калды...
— Апам өзүнүн 80 жылдыгын бир жыл мурун эле ойлоно баштаган. Аны эл алдындагы отчётум деди. Башында мааракелик той өтөт, жогорку деңгээлде кылам деген ой болгон эмес. Бул кайсы бир деңгээлде ал кишинин жасаган эмгегинин бааланышы. Чыгармачыл адамдардын, жетекчиликтин сунушу менен жогорку деңгээлде өткөрүүгө бел байладык. Ага чейин да бир катар иш-чаралар болуп, маараке жакшы өттү. Апам эл-журтка абдан ыраазычылыгын билдирди. Андан көп узабай апама III даражадагы Манас ордени ыйгарылды. Эми бир аз эс алып, дагы жаңы чыгармаларды жаратууга белсенип турат.