Жөнөкөйлүгүнөн жазбады. Сүймөнкул Чокморовдун агасынын эскерүүсү

© Sputnik / Александр ФедоровСүрөтчүлүк талант менен адамдык сапаттар айкалышып турган чыгаан актёр Сүймөнкул Чокморов
Сүрөтчүлүк талант менен адамдык сапаттар айкалышып турган чыгаан актёр Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Сүрөтчүлүк талант менен адамдык сапаттар айкалышып турган чыгаан актёр Сүймөнкул Чокморовдун адамгерчилигин Чыңгыз Айтматов да белгилеген. Көп кырдуу, бир сырдуу кыргыз уулу Сүймөнкул аз, бирок саз жашады.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан редакциясында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов конокто болуп, радиого бир тууган иниси тууралуу маек курган. Биз "Туяк" рубрикасынын алкагында ошол маекти жарыялоону туура көрдүк.
© Sputnik / Эркин СадыковСССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов
Родной брат народного артиста СССР Суйменкула Чокморова Суйеркул Чокморов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов
— Бир тууганыңыз менен ээрчишип ойноп, балалыгыңыздар бирге өттү. Ошол кездерди эскерип берсеңиз?
— Биз 11 бир тууганбыз. Анын сегизи эркек, үчөө кыз. Менден улуу төрт байкем тең согушка катышып, бирөө курман болду. Калган үчөө кайтып келген. Азыр ошол бир туугандарымдан агам Эсенжан жана карындашым Насыйкат гана бар. Баарыбыз пенсиядабыз жана бала-чакабыз менен Чоң-Таш айылында турабыз. Азыр айылыбыз Сүймөнкулдун атын алган. Бир туугандар марафон өткөрүп, туулган жерибизге инимдин эстелигин тургузганбыз. Биздин ата-тегибиз Таластан келген экен. Жетиген уруусунанбыз. 1958-жылдары чоң атабыз Байсабаны Байтик баатыр желдети катары көчүрүп келет. Ошону менен Чүйдө отурукташып калыптыр. Байсабадан Ормокой, андан Чокмор, Чокмордон биз тарап жатабыз.
Эл 1917-жылдарга чейин эле боз үйлөрдө жашап, 1920-жылдары айылга отурукташа башташат. Атам алгач эки бөлмөлүү саман үй салган экен. Ошол камыш менен жабылган үйдө, Чоң-Таш айылында бала чагыбыз өттү. Атабыз уста, дыйкан киши болгон. Улакты мыкты тартчу экен. Кичинебизде элес-булас билип калдык. Жыгачтан араба, дөңгөлөк жасачу. Согуштан кийин кыйын эле турмуш болгон. Усталар буюмдарды жасап тартууга берип, чөйчөккө эгин алып үй-бүлөсүн баккан. Илгери деле ар кандай оорулар көп болду. Сүймөнкул кичинесинде безгек менен ооруган. Үйдө уй, он чакты эчки болор эле. Ошолордун сүтү менен чоңойдук. Кечкисин талаадан айдап келген эчкилерди апабыз саап, "дары болот" деп Сүймөнкулга берчү. Мен талашып ыйлаар элем. Көрсө ошол учурда безгек менен ооруп жатыптыр. Жылуу сүттү ичкенде курсагыбыз тоюп, ыраазы болуп калар элек. Сүймөнкул 4-класска чейин Чоң-Ташта окуп, 5-класстан баштап Фрунзедеги агамдын үйүндө чоңойду. 7-классында музыкалык училищеге (азыркы Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жай) өтөт. Анын ичинде көркөм сүрөт окуу жайы да жайгашкан. Ошол жерде окуп жатып эле көркөм сүрөт жагынан да билим ала баштайт. Ага удаа кечки мектептен 10-классты бүтүрөт. Фрунзеге окууга келгенде комузда ойночу. Кийин пианинону, балалайканы өздөштүрдү. Ошентип жүрүп сүрөтчү болуп кеткен. Өз каалоосу менен Санкт-Петербургдагы сүрөтчүлөр академиясына тапшырып, алты жыл билим алды.
© Фото / Александр ФедоровСүйөркул Чокморов: Сүймөнкул өзү кичинесинен тамашакөй болуп, бирөөлөрдүн баскан-турганын же жеңелерибизди туурап, айылдагы жолдошторунун кылык-жоругун көргөзүп күлдүрө берчү.
Первые кинокадры города Фрунзе — 40 лет Красному яблоку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Сүйөркул Чокморов: Сүймөнкул өзү кичинесинен тамашакөй болуп, бирөөлөрдүн баскан-турганын же жеңелерибизди туурап, айылдагы жолдошторунун кылык-жоругун көргөзүп күлдүрө берчү.
— Сүймөнкул Чокморов агабыз бала кезинен эле спортко да жакын болгонун айтышат.
— Баарыбыз спортту жакшы көрчүбүз. Агам экөөбүз волейбол боюнча Кыргызстан курама командасында ойночубуз. Сүймөнкул да 2-3-курсунда Ленинграддын волейбол курама командасында ойноп жүрдү. Бирок "убакытты аябай алат экен. Сүрөт тарта албай калып жатам" деп чыгып кеткен. 1962-жылы Ленинграддан окуусун бүтүп, Кыргызстанга келип көркөм сүрөт мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турду. Өлкөнүн волейбол боюнча курама командасына чакырылып, ал жакта да ойноду. Бирок ага көп кызыкпай, убактысын сүрөткө бөлдү.
— Киного кайсы жылдары кандайча тартылып калды?
— 1966-жылы болсо керек, Сүймөнкулду киного чакырышты. Болот Бейшеналиев экөө училищеде чогуу окуган. Аны Болот Шамшиев дубляжга чакырат. Ошол кезде "Караш-Караш окуясы" фильмине башкы ролго каарман издеп жүрүптүр. Бейшеналиев Шамшиевге "эгер мен жакпасам, мени менен чогуу окуган теңтуш баланы эрчите келейин. Ал сөзсүз жагат болушу керек" дейт. Ал кезде Сүймөнкул контрамарка менен жылытылган бир бөлмөлүү барак тамда жашачу. Ошол жерге Бейшеналиев менен Шамшиев келет. Режиссер катары Болот Сүймөнкулдун учурашканынан, тамашалаганынан эле актёрдук чеберчилигин байкап, "сен жарайсың, сөзсүз кел" деп кетет. Болот Шамшиев боюн, келбетин жактырган. 1967-жылдан баштап "Караш-Караш окуясы" фильми тартыла баштайт. Алгач Кемин тоолорунун этегинде кооз жерден башташат. Кийин Суусамырдан, Аралдан, Төө-Ашуудан, көбүнчөсү Жумгалдан тартылды. Бир жылдан соң кино элге тартууланган.
© Фото / Александр ФедоровСүйөркул Чокморов: жараткан ролдорунун ийгиликтүү чыгышына Болот Шамшиевдин да салымы чоң. Ал эми Шамшиевдин Шамшиев болушуна Сүймөнкулдун эмгеги бар.
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Сүйөркул Чокморов: жараткан ролдорунун ийгиликтүү чыгышына Болот Шамшиевдин да салымы чоң. Ал эми Шамшиевдин Шамшиев болушуна Сүймөнкулдун эмгеги бар.
— Удаа өскөн жакын бир тууганыңызды алгач сыналгыдан көргөндө эң биринчи сезимиңиз кандай болду?
— Бир ишенип, бир ишенбей көрдүм. Бет ачарында эл көп, кире албай калгандар болду. Сүймөнкул өзү кичинесинен тамашакөй болуп, бирөөлөрдүн баскан-турганын же жеңелерибизди туурап, айылдагы жолдошторунун кылык-жоругун көргөзүп күлдүрө берчү. Биз да "бул эмнеси" деп койчубуз. Көрсө талант экен да, кийин ошонун баарынын пайдасы тийбедиби. Каникулда айылга келгенде короодогу бээни талашып минип, чапкылап жүрчүбүз. Ошондо атка мингенди үйрөнгөн. Атабыздын атын да далай миндик. Ушунун баары тажрыйба болуптур. "Улан" тасмасында мастын ролун аткарганда айылдагы ичкендердин эле образын чагылдырып берип койгон да. Мурда эле "ичкенде сен момундайсың" деп аларга тамашалай берчү. Ошондо ал образ издеп кыйналбай, өзүндө бышып калган даяр каармандарды ойноду окшойт. "Кинонун арты менен көптөгөн мамлекеттерди көрдүм, Японияга, Арабияга, Америкага бардым. Бирок Чоң-Таштай айыл эч жерде жок" дечү. Жараткан ролдорунун ийгиликтүү чыгышына Болот Шамшиевдин салымы чоң. Ал эми Шамшиевдин Шамшиев болушунда Сүймөнкулдун да эмгеги бар.
© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүСүйөркул Чокморов: Сүймөнкул бой көтөргөндү жаман көрчү. Өмүр бою жөнөкөй жүрдү.
Кыргызский актер, художник, народный артист СССР Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Сүйөркул Чокморов: Сүймөнкул бой көтөргөндү жаман көрчү. Өмүр бою жөнөкөй жүрдү.
— Атактуулук актёрго кандай таасир берди?
— "Караш-Караш окуясынын" бет ачары Алматыда өтүп, ага Казакстан Компартиясынын БКнын биринчи катчысы Динмухамед Кунаев катышат. Ал киши кинонун мыкты чыкканын көрүп, актёрго Эл артисти наамына кошуп машина ыйгарууну ойлойт. Алгач Турдакун Усубалиевге чалат. Бирок Усубалиев "жок, өзүбүз беребиз" дейт. Ошондон кийин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамы берилген. 1973-жылы Леонид Брежнев Кыргызстанга келгенде "Караш-Караш окуясы" фильмин көрүп абдан жактырат. Сүймөнкул тууралуу сураса "анын билими, наамы деле жок" дешет. Ошондон кийин 1981-жылы Брежневдин жарлыгы менен СССРдин эл артисти наамын алган. Ошол кезде Сүймөнкул экөөбүз айылда отурганбыз, анан эле айылдаш бала "Известия" гезитин көтөрүп келди. Окуп, куттуктадык. Сүймөнкул бой көтөргөндү жаман көрчү. Өмүр бою жөнөкөй жүрдү. Бир ирет да айылдаш тааныштар болуп чогулуп, Сүймөнкул кечигип келип калды. Ал келгенде баары тура калды эле Сүймөнкул "жок-жок, отура бергиле" деп босогого отура калды.
Советтер Союзунун Баатыры учкуч Ысмайылбек Таранчиев жана жолдошу Алексей Ткачев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Таран ыкмасы менен душманды талкалаган Ысмайылбек Таранчиев. Баатырды эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0