Студенттер спектаклдерин тартуулап, жаңы ысымдарды жаратмакчы

Спектакль. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Фестивалда бир катар номинациялар каралган.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Студенттик спектаклдердин эл аралык VII "Жаңы ысымдар" аттуу фестивалы өтөрүн Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара 17-22-декабрь күндөрү болмокчу.
Фестиваль жыл сайын театр искусствосуна тиешеси бар кесипте окуган студенттердин профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү максатында өткөрүлүп келет.
Маданий иш-чарада мыкты спектакль, аткаруучулук өнөр, көркөм окуу, эң мыкты режиссура, эң мыкты драматургия, эң мыкты театр сыны, чыгармачыл жаштардын устаты номинациялары каралган.
Мектеп окуучуларынын театр фестивалы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын фестивалы өтөт. Кирүү акысыз
Жаңылыктар түрмөгү
0