Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Апыев: аймактык театрларга жаш кадрларды тартууда турак жай маселеси курч

© Sputnik / Асел АкматСултан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси, КР эл артисти, режиссёр Талантбек Апыев
Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси, КР эл артисти, режиссёр Талантбек Апыев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси, КР эл артисти, режиссёр Талантбек Апыев жеткинчектердин арасында искусство адиси болгусу келгендердин азайып бара жатканына тынчсызданарын айтты.
Учурда аймактык театрларга жаш кадрларды тартуу кыйынга турат. Биринчи кезекте эле турак жай көйгөйү жаралат. Бул тууралуу Талантбек Апыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Апыев: аймактык театрларга жаш кадрларды тартууда турак жай маселеси курч
Анын айтымында, жер-жерлерде искусствону өнүктүрүү үчүн атайын мамлекеттик долбоорлор керек.
"Аймактык театрларда жаш кадрлар жетишсиз. Бул бардык эле облустук театрлардын көйгөйү. Ошол жердин кулуну болгон дипломдуу адисти жумушка чакырган күндө да турак жай маселеси ачык бойдон калат. Мындай шартка бардык эле жаштар макул боло бербейт. Ал тургай аймактан борборго окууга кеткендери да кайра кайтып келбей, шаарда иштеп калууну көздөшөт. Экинчи маселе — жеткинчектер арасында мурдагыдай болуп театр артисти, искусство адамы болууну каалагандар аз. Баары эле бизнесмен, саясатчы, башкарма болгусу келет. Ал тургай бала өзү каалап турса да ата-энеси, өзгөчө кыз балдарды тыйып койгон учурлар көп кездешет. Былтыртан бери кыргызстандык театр ишмерлери Россиянын искусство жаатындагы институттары менен сүйлөшүп, бюджеттик негизде окутууга кыргыз жаштарына жакшы шарттар түзүлө баштады. Ошого да тапшыргандар аз болууда. Андыктан аймактарда искусствону жандантабыз десек, бул жаатта мамлекеттик ири долбоорлор зарыл", — деди Апыев.
Ал ошондой эле облустардагы жогорку окуу жайларда искусство боюнча окуткан мугалимдердин жетишсиздигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0