https://sputnik.kg/20231115/madaniyat-kocho-tasmasy-bazarov-kytaev-dumanaev-tasma-taberik-surot-1080452427.html
Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 15.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-15T20:03+0600
2023-11-15T20:03+0600
2023-11-27T12:38+0600
кыргызстан
маданият
геннадий базаров
чоро думанаев
"көчө" тасмасы
таберик сүрөт
насыр кытаев
https://sputnik.kg/img/07e5/06/14/1052934842_0:0:2048:1153_1920x0_80_0_0_2d8054b77bd9153a69f38522adff8d80.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровКР эл артисттери, атактуу кинорежиссёр Геннадий Базаров, белгилүү актёр Насыр Кытаев жана залкар талант Чоро Думанаевдин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.Ал жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров драматург Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде Ноокат районунда "Көчө" тасмасын тартып жаткан.Ошол кезеңди КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:Ал жылы Базаров 30, Кытаев 55, Думанаев 21 жашта болгон."Көчө" кинокартинасына Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева да катышкан. Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычтын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган бул фильм кийинки жылы, 1973-жылы экранга чыккан.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/14/1052934842_99:0:2048:1462_1920x0_80_0_0_23338c70f65790353dfd3564d11628a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, геннадий базаров, чоро думанаев, "көчө" тасмасы, таберик сүрөт, инфографика, насыр кытаев
кыргызстан, маданият, геннадий базаров, чоро думанаев, "көчө" тасмасы, таберик сүрөт, инфографика, насыр кытаев
Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү
20:03 15.11.2023 (Жаңыртылды: 12:38 27.11.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
КР эл артисттери, атактуу кинорежиссёр Геннадий Базаров, белгилүү актёр Насыр Кытаев жана залкар талант Чоро Думанаевдин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.
Ал жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров драматург Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде Ноокат районунда "Көчө" тасмасын тартып жаткан.
Ошол кезеңди КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:
"Борбор калаада курулуш техникумунда окуп жүргөндө Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" киносуна тартылуу үчүн окуудан чыгып кеткем. Анан Төлөмүш Океевдин "Уркуясында" эпизоддук ролдорду жаратып такшалгам. Ал эми сүрөттөгү "Көчө" фильминде башкы каарман Авазды ойноп тушоом кесилгем. Ошол фильмге Базаров кыргыздын театр, кино жылдыздарынын баарын чогултуп, күлкү жана шаң менен тартылган. Себеби залкар актрисалар импровизацияга салып чыныгы жашоодогудай ролдорун аткарган. Режиссёр да "антип аткарып салдыңар", "минтип кыймылдап койдуңар" дечү эмес, чыгармачыл топко толук ишенчү. Насыр Кытаев болсо алгачкылардан болуп Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүрүп келген актёрлордун бири болчу. Мен жаш актёр катары алардан чоң сабак, таалим-тарбия алгам. Ошентип, ал ролумдан кийин кино артынан киного тартылдым. Мен ошол мезгилдин корифейлери болгон Муратбек Рыскулов, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов өңдүү таланттуу залкарлар менен иштештим. Баары жөнөкөй инсандар болчу. Бир кызык жери улуу артисттерди "байке" же "ата" деп айтчу эмеспиз. Кары-жашы дебей Рыскуловду "Муке", Кытаевди "Наске", Жумадыловду "Совоке", Тургун Бердалиевди "Туке" деп кайрылчубуз. Көрсө, театр менен кинодо ошондой экен да. Жадагалса, көрүүчүлөр дагы аты-жөнү менен чакырбай каармандарды ысымы менен айтышаар эле", — деп айтып берди Думанаев.
Ал жылы Базаров 30, Кытаев 55, Думанаев 21 жашта болгон.
"Көчө" кинокартинасына Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева да катышкан. Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычтын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган бул фильм кийинки жылы, 1973-жылы экранга чыккан.