00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
КР эл артисттери, атактуу кинорежиссёр Геннадий Базаров, белгилүү актёр Насыр Кытаев жана залкар талант Чоро Думанаевдин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.
Ал жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров драматург Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде Ноокат районунда "Көчө" тасмасын тартып жаткан.
Ошол кезеңди КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:
"Борбор калаада курулуш техникумунда окуп жүргөндө Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" киносуна тартылуу үчүн окуудан чыгып кеткем. Анан Төлөмүш Океевдин "Уркуясында" эпизоддук ролдорду жаратып такшалгам. Ал эми сүрөттөгү "Көчө" фильминде башкы каарман Авазды ойноп тушоом кесилгем. Ошол фильмге Базаров кыргыздын театр, кино жылдыздарынын баарын чогултуп, күлкү жана шаң менен тартылган. Себеби залкар актрисалар импровизацияга салып чыныгы жашоодогудай ролдорун аткарган. Режиссёр да "антип аткарып салдыңар", "минтип кыймылдап койдуңар" дечү эмес, чыгармачыл топко толук ишенчү. Насыр Кытаев болсо алгачкылардан болуп Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүрүп келген актёрлордун бири болчу. Мен жаш актёр катары алардан чоң сабак, таалим-тарбия алгам. Ошентип, ал ролумдан кийин кино артынан киного тартылдым. Мен ошол мезгилдин корифейлери болгон Муратбек Рыскулов, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов өңдүү таланттуу залкарлар менен иштештим. Баары жөнөкөй инсандар болчу. Бир кызык жери улуу артисттерди "байке" же "ата" деп айтчу эмеспиз. Кары-жашы дебей Рыскуловду "Муке", Кытаевди "Наске", Жумадыловду "Совоке", Тургун Бердалиевди "Туке" деп кайрылчубуз. Көрсө, театр менен кинодо ошондой экен да. Жадагалса, көрүүчүлөр дагы аты-жөнү менен чакырбай каармандарды ысымы менен айтышаар эле", — деп айтып берди Думанаев.
Ал жылы Базаров 30, Кытаев 55, Думанаев 21 жашта болгон.
"Көчө" кинокартинасына Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева да катышкан. Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычтын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган бул фильм кийинки жылы, 1973-жылы экранга чыккан.
Тема боюнча:
Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Тасмадагы акыркы ролу болду... Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Сабира Күмүшалиева 50, Назира Мамбетова 27 жашта эле. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Уланды" көркүнө чыгарган Аринбасарова менен Чокморов. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0