Иран: АКШ Газага чабуулун уланта берсе, кандуу булоон эч кимди кыйгап өтпөйт

© AFP / ATTA KENAREИран ТИМинин башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан
Иран ТИМинин башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Дипломат Иран да Батыш Азияга кирерин, "мекенди, үйдү коргоо тууралуу сөз болгондо эч кандай эскертүү берилбей турганын" белгиледи.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эгер Газа секторундагы кыргын токтотулбаса, кандуу булоон эч кимди кыйгап өтпөйт. Бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын чукул жыйынында Иран ТИМинин башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан АКШнын мамлекеттик ишмерлерине кайрылып жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Бүгүн Нью-Йоркто, БУУда мен Палестинадагы кыргынды көзөмөлдөп жаткан Американын мамлекеттик ишмерлерине кайрылып жатам. Биз региондогу согуштун жайылышына каршыбыз. Ошону менен бирге эгер Газадагы геноцид улана турган болсо кандуу булоон эч кимди кыйгап өтпөй турганын эскертебиз", — деди дипломат.

Абдоллахиан Иран да Батыш Азияга кирерин, "мекенди, үйдү коргоо тууралуу сөз болгондо эч кандай эскертүү берилбей турганын" белгиледи. Ал карапайым калкты кырууну, палестиналыктарды күчкө салып орун котортууну токтотууну талап кылды.
Иран өкүлү АКШ Тель-Авивге финансылык жана аскерий жардам көрсөтүп палестин-израиль жаңжалынын түздөн-түз катышуучусу болуп жатканын билдирди. Ал "аялдар менен балдарга каршы эмес, Палестинада тынчтык орношу үчүн" добуш берүүгө чакырды. "АКШ Газа менен Палестинадагы геноцидди колдоону токтотушу керек", — деди Абдоллахиан.
Ага чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Америка Иран менен кагылышууну каалабай турганын, бирок өкүлдөрүнө кол салуу болсо жооп берүүгө даяр экенин билдирген.
Ал Иранга жана анын тарапташтарына Израилге каршы экинчи фронт ачпоо чакырыгын жеткирип коюуну талап кылган. "Азыркы жаңжалда экинчи фронт ачууга болбойт. Израилге чабуул жасабагыла!" деген мамкатчы.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга туш болгондон кийин курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 7000ден ашты, 17 миң тургун жаракат алганы айтылууда. Израилде 1,3 миңдей киши көз жумду.
Адамдар Газа секторун түштүгүндө Израилдин бомбалоосунан аман калгандарды издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
ХАМАС ЦАХАЛдын аткылоосунан барымтадагы 50 киши көз жумганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0