Путин Германияга немец тилинде эскертүү берди

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
Путиндин айтымында, Германия элинин кызыкчылыгын ойлогон Шредердей адамдары менен сыймактанышы керек.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында маек куруп жатып Германияга нацизмди актагандар менен жакындашуунун кооптуулугу тууралуу эскертип, немец тилинде кайрылды.
Президентке экс-канцлер Герхард Шредер Россия менен байланышы үчүн четтетилип, сынга кабылганы тууралуу суроо берилген. Маанилүү иш-чараларда азыркы канцлер Олаф Шольц менен бир кадрга түшүп калбашы үчүн башка жакка отургузулуп жатканы мисал келтирилди.
Путин буга Канада парламентиндеги нацисттин урмат-сыйга бөлөнгөн окуясын эске салып жооп берди.
"Жакында эле баарыбыз Канада парламентинде нацистти чоң урмат-сый менен тосуп алган абийирсиз жорукка күбө болдук. Мен Шредерден алыстаган сайын нацисттерди жактаган Канада парламентинин жетекчиси Энтони Ротага жакындайсыңар деп айтмакчымын. Германия мени жакшылап угушу үчүн немец тилинде да кайталап коюуга даярмын", — деп Путин бул сөзүн немең тилинде да жаңыртты.
Президенттин айтымында, Германияда акыл-эстүү адамдар көп.

Хунканын даңазаланышы

Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Украинанын көз карандылыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Эсэсчинин даңазаланышы Россия, Беларусь, Польша жана башка бир катар мамлекеттерде нааразычылык жараткан. Резонанстуу окуядан соң Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота кызматынан кетип, премьер-министр Жастин Трюдо кечирим сураган.
Шредер учурда Россия менен болгон достук байланышы үчүн кескин сынга кабылып келет. Жазында экс-канцлер Польшанын Украинадагы окуя боюнча жүргүзүп жаткан иликтөөсүнүн фигуранты болгон. Мындан тышкары, немец ЖМКлары сасаятчынын Россиянын Берлиндеги элчилигинде өткөн Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын белгилеген иш-чарага катышуусуна нааразы болушкан.
Путиндин айтымында, элинин кызыкчылыгын ойлогон Шредердей адамдары менен Германия сыймактанышы керек. РФ лидери экс-канцлердин "Түндүк агымдардын" курулушундагы ролун белгилеп, түтүктөрдүн жарылышынан кийин Германиянын экономикасы кандай абалга кептелгенине көңүл бурду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
“Жийиркеничтүү”. Путин Канада парламентинде нацисттин даңазаланышы тууралуу
Теги: дүйнөдө Россия Владимир Путин Германия Герхард Шредер Канада нацизм
Жаңылыктар түрмөгү
0