"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү

Жазылуу
Союз маалында "Кыргыз кереметин" жаратууга кичинекей актёр, актрисалар чоң салым кошкон. Sputnik Кыргызстан ошол таланттуу балдардын кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Кыргызстандан чыккан кичинекей актёрлор окуучу кезинде эле чоң киного кадам таштап, ата мекендик кинорежиссёрлор менен тыгыз иштешкен. "Кыргыз кереметин" жаратууга салым кошкондордун арасында Айша Карасаева, Назирет Дубашев, Нургазы Сыдыгалиев, Айтурган Темирова, Нургүл Киндербаева, Бермет Маликова, Анара Макекадырова, Мурат Мамбетов, Чыңгыз Шамшиев, Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Анара Садыкова бар. Алар кинофильмдерде ыйлап же кылык-жоруктарын гана көрсөтүп койбостон толук кандуу башкы ролдордо ойногон. Ошондой эле кыргыз киночулары өз кинокартиналарына башка союздук республикалардан да таланттуу өспүрүмдөрдү чакыртышкан.
© Sputnik / Александр Федоров

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы Айша Карасаева. Кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан кыз кийин көрүнүктүү окумуштуу болгон

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы Айша Карасаева. Кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан кыз кийин көрүнүктүү окумуштуу болгон - Sputnik Кыргызстан
1/16

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы Айша Карасаева. Кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан кыз кийин көрүнүктүү окумуштуу болгон

© © Sputnik / Медиабанкка өтүү

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Киндербаева. Ал азыр чет өлкөдө эл аралык уюмда иштейт

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Киндербаева. Ал азыр чет өлкөдө эл аралык уюмда иштейт - Sputnik Кыргызстан
2/16

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Киндербаева. Ал азыр чет өлкөдө эл аралык уюмда иштейт

© Sputnik / Александр Федоров

Окуучу кезинде эле тасмаларга тартылып, кийин да актёрлук менен кеткен Арстанбек Ирсалиев. "Космонавттар көчөсүндөгү" бир эпизод

Окуучу кезинде эле тасмаларга тартылып, кийин да актёрлук менен кеткен Арстанбек Ирсалиев. "Космонавттар көчөсүндөгү" бир эпизод - Sputnik Кыргызстан
3/16

Окуучу кезинде эле тасмаларга тартылып, кийин да актёрлук менен кеткен Арстанбек Ирсалиев. "Космонавттар көчөсүндөгү" бир эпизод

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Океевдин "Кызыл алма" тасмасында башкы каармандын кызынын ролун аткарган алты жаштагы Анара Макекадырова СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова менен. Макенкадырова азыр Москвадагы Плеханов атындагы россиялык экономика университетинде эмгектенет, экономика илимдеринин доктору.

Океевдин "Кызыл алма" тасмасында башкы каармандын кызынын ролун аткарган алты жаштагы Анара Макекадырова СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова менен. Макенкадырова азыр Москвадагы Плеханов атындагы россиялык экономика университетинде эмгектенет, экономика илимдеринин доктору. - Sputnik Кыргызстан
4/16

Океевдин "Кызыл алма" тасмасында башкы каармандын кызынын ролун аткарган алты жаштагы Анара Макекадырова СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова менен. Макенкадырова азыр Москвадагы Плеханов атындагы россиялык экономика университетинде эмгектенет, экономика илимдеринин доктору.

© Sputnik / Александр Федоров

"Космонавттар көчөсүндөгү" кичинекей актёрлор тасма тартуу маалында. Алардын эмгегин миллиондогон адам көрүп, тасма жакшы киреше тапкан

"Космонавттар көчөсүндөгү" кичинекей актёрлор тасма тартуу маалында. Алардын эмгегин миллиондогон адам көрүп, тасма жакшы киреше тапкан - Sputnik Кыргызстан
5/16

"Космонавттар көчөсүндөгү" кичинекей актёрлор тасма тартуу маалында. Алардын эмгегин миллиондогон адам көрүп, тасма жакшы киреше тапкан

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында алгачкы ролун аткарган 14 жаштагы Айтурган Темирова. Актриса кийин чыгармачылык менен кетип, далай тасмаларга катышкан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов экөө

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында алгачкы ролун аткарган 14 жаштагы Айтурган Темирова. Актриса кийин чыгармачылык менен кетип, далай тасмаларга катышкан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов экөө - Sputnik Кыргызстан
6/16

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында алгачкы ролун аткарган 14 жаштагы Айтурган Темирова. Актриса кийин чыгармачылык менен кетип, далай тасмаларга катышкан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов экөө

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Океевдин "Көк серек" тасмасында башкы каарман Курмаштын образын жараткан 11 жаштагы казакстандык Камбар Валиев. Аталган кинокартина 100 мыкты советтик тасманын катарына кирген

Океевдин "Көк серек" тасмасында башкы каарман Курмаштын образын жараткан 11 жаштагы казакстандык Камбар Валиев. Аталган кинокартина 100 мыкты советтик тасманын катарына кирген - Sputnik Кыргызстан
7/16

Океевдин "Көк серек" тасмасында башкы каарман Курмаштын образын жараткан 11 жаштагы казакстандык Камбар Валиев. Аталган кинокартина 100 мыкты советтик тасманын катарына кирген

© Фото / Александр Федоров

"Ак кемедеги" баланын ролун аткарган төрт жаштагы Нургазы Сыдыгалиевдин дебюттук ролу. Актёр азыр урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноп, балдарга музыкадан сабак берип иштейт.

"Ак кемедеги" баланын ролун аткарган төрт жаштагы Нургазы Сыдыгалиевдин дебюттук ролу. Актёр азыр урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноп, балдарга музыкадан сабак берип иштейт. - Sputnik Кыргызстан
8/16

"Ак кемедеги" баланын ролун аткарган төрт жаштагы Нургазы Сыдыгалиевдин дебюттук ролу. Актёр азыр урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноп, балдарга музыкадан сабак берип иштейт.

© Sputnik / Александр Федоров

"Ак кемеде" бешик менен сууда аккан чүрпө. Ал кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын тун кызы Сүйүтай болгон. Сүйүтай Шамшиева кесиби боюнча лингвист

"Ак кемеде" бешик менен сууда аккан чүрпө. Ал кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын тун кызы Сүйүтай болгон. Сүйүтай Шамшиева кесиби боюнча лингвист - Sputnik Кыргызстан
9/16

"Ак кемеде" бешик менен сууда аккан чүрпө. Ал кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын тун кызы Сүйүтай болгон. Сүйүтай Шамшиева кесиби боюнча лингвист

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролун аткарган Назирет Дубашев. Кичинекей актёр 12 жашта болчу

Кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролун аткарган Назирет Дубашев. Кичинекей актёр 12 жашта болчу - Sputnik Кыргызстан
10/16

Кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролун аткарган Назирет Дубашев. Кичинекей актёр 12 жашта болчу

© Sputnik / Александр Федоров

Белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Кайыңдар канча жыл жашайт" тасмасында роль жараткан кичинекейлер

Белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Кайыңдар канча жыл жашайт" тасмасында роль жараткан кичинекейлер - Sputnik Кыргызстан
11/16

Белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Кайыңдар канча жыл жашайт" тасмасында роль жараткан кичинекейлер

© Sputnik / Александр Федоров

Мектепте 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган Мурат Мамбетов. Мамбетов азыр чыгармачылык менен алек

Мектепте 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган Мурат Мамбетов. Мамбетов азыр чыгармачылык менен алек - Sputnik Кыргызстан
12/16

Мектепте 9-класста окуп жүргөн кезинде "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына тартылган Мурат Мамбетов. Мамбетов азыр чыгармачылык менен алек

© Sputnik / Александр Федоров

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев "Бөрү зындан" тасмасында башкы каармандын баласынын ролунда. Сүрөттө ал КРдин эл артисти, белгилүү актриса, апасы Айтурган Темирова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин менен. Эмгекти 21 миллиондон ашык адам көргөн

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев "Бөрү зындан" тасмасында башкы каармандын баласынын ролунда. Сүрөттө ал КРдин эл артисти, белгилүү актриса, апасы Айтурган Темирова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин менен. Эмгекти 21 миллиондон ашык адам көргөн - Sputnik Кыргызстан
13/16

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев "Бөрү зындан" тасмасында башкы каармандын баласынын ролунда. Сүрөттө ал КРдин эл артисти, белгилүү актриса, апасы Айтурган Темирова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин менен. Эмгекти 21 миллиондон ашык адам көргөн

© Александр Федоров

Альгимантас Видугиристин "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында роль жараткан кичинекейлер: Кубанычбек Алыбаев менен Бермет Маликова. "Көз айнекчен" дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлгөн

Альгимантас Видугиристин "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында роль жараткан кичинекейлер: Кубанычбек Алыбаев менен Бермет Маликова. "Көз айнекчен" дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлгөн - Sputnik Кыргызстан
14/16

Альгимантас Видугиристин "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында роль жараткан кичинекейлер: Кубанычбек Алыбаев менен Бермет Маликова. "Көз айнекчен" дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлгөн

© Sputnik / Александр Федоров

"Сүйүү закымдарындагы" сулуунун ролун аткарган 18 жаштагы Асел Эшимбекова. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы кийин чыгармачылыктан оолактап кеткен

"Сүйүү закымдарындагы" сулуунун ролун аткарган 18 жаштагы Асел Эшимбекова. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы кийин чыгармачылыктан оолактап кеткен - Sputnik Кыргызстан
15/16

"Сүйүү закымдарындагы" сулуунун ролун аткарган 18 жаштагы Асел Эшимбекова. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы кийин чыгармачылыктан оолактап кеткен

© Sputnik / Александр Федоров

"Ак илбирстин тукуму" кинофильминде Кожожаштын уулу Калыгулдун ролун аткарган Айбек Кыдыралиев

"Ак илбирстин тукуму" кинофильминде Кожожаштын уулу Калыгулдун ролун аткарган Айбек Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан
16/16

"Ак илбирстин тукуму" кинофильминде Кожожаштын уулу Калыгулдун ролун аткарган Айбек Кыдыралиев

Тема боюнча:
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери
Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0