"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү
"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Союз маалында "Кыргыз кереметин" жаратууга кичинекей актёр, актрисалар чоң салым кошкон. Sputnik Кыргызстан ошол таланттуу балдардын кызыктуу ирмемдерин... 30.09.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан чыккан кичинекей актёрлор окуучу кезинде эле чоң киного кадам таштап, ата мекендик кинорежиссёрлор менен тыгыз иштешкен. "Кыргыз кереметин" жаратууга салым кошкондордун арасында Айша Карасаева, Назирет Дубашев, Нургазы Сыдыгалиев, Айтурган Темирова, Нургүл Киндербаева, Бермет Маликова, Анара Макекадырова, Мурат Мамбетов, Чыңгыз Шамшиев, Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Анара Садыкова бар. Алар кинофильмдерде ыйлап же кылык-жоруктарын гана көрсөтүп койбостон толук кандуу башкы ролдордо ойногон. Ошондой эле кыргыз киночулары өз кинокартиналарына башка союздук республикалардан да таланттуу өспүрүмдөрдү чакыртышкан.Тема боюнча:
Союз маалында "Кыргыз кереметин" жаратууга кичинекей актёр, актрисалар чоң салым кошкон. Sputnik Кыргызстан ошол таланттуу балдардын кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Кыргызстандан чыккан кичинекей актёрлор окуучу кезинде эле чоң киного кадам таштап, ата мекендик кинорежиссёрлор менен тыгыз иштешкен. "Кыргыз кереметин" жаратууга салым кошкондордун арасында Айша Карасаева, Назирет Дубашев, Нургазы Сыдыгалиев, Айтурган Темирова, Нургүл Киндербаева, Бермет Маликова, Анара Макекадырова, Мурат Мамбетов, Чыңгыз Шамшиев, Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Анара Садыкова бар. Алар кинофильмдерде ыйлап же кылык-жоруктарын гана көрсөтүп койбостон толук кандуу башкы ролдордо ойногон. Ошондой эле кыргыз киночулары өз кинокартиналарына башка союздук республикалардан да таланттуу өспүрүмдөрдү чакыртышкан.
"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы Айша Карасаева. Кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан кыз кийин көрүнүктүү окумуштуу болгон
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Киндербаева. Ал азыр чет өлкөдө эл аралык уюмда иштейт
Океевдин "Кызыл алма" тасмасында башкы каармандын кызынын ролун аткарган алты жаштагы Анара Макекадырова СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова менен. Макенкадырова азыр Москвадагы Плеханов атындагы россиялык экономика университетинде эмгектенет, экономика илимдеринин доктору.
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында алгачкы ролун аткарган 14 жаштагы Айтурган Темирова. Актриса кийин чыгармачылык менен кетип, далай тасмаларга катышкан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов экөө
Океевдин "Көк серек" тасмасында башкы каарман Курмаштын образын жараткан 11 жаштагы казакстандык Камбар Валиев. Аталган кинокартина 100 мыкты советтик тасманын катарына кирген
"Ак кемедеги" баланын ролун аткарган төрт жаштагы Нургазы Сыдыгалиевдин дебюттук ролу. Актёр азыр урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноп, балдарга музыкадан сабак берип иштейт.
"Ак кемеде" бешик менен сууда аккан чүрпө. Ал кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын тун кызы Сүйүтай болгон. Сүйүтай Шамшиева кесиби боюнча лингвист
Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев "Бөрү зындан" тасмасында башкы каармандын баласынын ролунда. Сүрөттө ал КРдин эл артисти, белгилүү актриса, апасы Айтурган Темирова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин менен. Эмгекти 21 миллиондон ашык адам көргөн
Альгимантас Видугиристин "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасында роль жараткан кичинекейлер: Кубанычбек Алыбаев менен Бермет Маликова. "Көз айнекчен" дүйнөнүн 43 мамлекетинде көрсөтүлгөн
"Сүйүү закымдарындагы" сулуунун ролун аткарган 18 жаштагы Асел Эшимбекова. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы кийин чыгармачылыктан оолактап кеткен