Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Кезинде кыргызстандык окумуштуулар башка союздук жана чет элдик кесиптештери менен кызматташып, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Sputnik Кыргызстан... 14.05.2023, Sputnik Кыргызстан
Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылып, чоң илимге чыйыр салынган. Жаңы түптөлгөн мекемени согуш маалында академик Константин Скрябин жетектеп, Кыргыз ССРинин айыл чарба, экономикасына кол кабыш кылып, геология, биология, химия, тил жана адабият институттары өз ишмердүүлүгүн баштаган. 11 жылдан кийин Кыргызстандагы эң негизги илимий жай өз алдынча академия болуп, аны Иса Ахунбаев башкарган.Академияда кийин тарых, медицина, энергия жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология институттары ишке кирип, илимпоздор экспедицияларды уюштуруп, түрдүү станцияларды куруп, республиканын кокту-колот, тоо-ташын, аска-тоолорун аралап илимий эмгектерин жараткан.Ал эми 60-70-80-жылдары ата мекендик жетишкендиктер арбып чоң долбоор, курулуш, өндүрүш академик, профессорлордун жардамы жок ишке ашчу эмес. Анда өлкөдө жалпы 18 илимий-изилдөө институту советтик жана чет элдик илимий мекемелер менен жакшы мамиледе болуп далай дүйнөлүк ачылыштарга катышкан.
Кезинде кыргызстандык окумуштуулар башка союздук жана чет элдик кесиптештери менен кызматташып, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик илимпоздордун архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын кыргыз филиалы ачылып, чоң илимге чыйыр салынган. Жаңы түптөлгөн мекемени согуш маалында академик Константин Скрябин жетектеп, Кыргыз ССРинин айыл чарба, экономикасына кол кабыш кылып, геология, биология, химия, тил жана адабият институттары өз ишмердүүлүгүн баштаган. 11 жылдан кийин Кыргызстандагы эң негизги илимий жай өз алдынча академия болуп, аны Иса Ахунбаев башкарган.
Академияда кийин тарых, медицина, энергия жана суу ресурстарын башкаруу, зоология жана паразитология институттары ишке кирип, илимпоздор экспедицияларды уюштуруп, түрдүү станцияларды куруп, республиканын кокту-колот, тоо-ташын, аска-тоолорун аралап илимий эмгектерин жараткан.
Ал эми 60-70-80-жылдары ата мекендик жетишкендиктер арбып чоң долбоор, курулуш, өндүрүш академик, профессорлордун жардамы жок ишке ашчу эмес. Анда өлкөдө жалпы 18 илимий-изилдөө институту советтик жана чет элдик илимий мекемелер менен жакшы мамиледе болуп далай дүйнөлүк ачылыштарга катышкан.
Ысык-Көлдүн жээгинде археологдор кыш, суу агызган түтүктөрдү чыгарган XIV-XV кылымдарга таандык ишкананы тапкан. Сүрөттө Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун отряды, 1961-жыл.
СССРдин Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери. Фрунзеде жайгашкан ал мекеме союз маалында космостук изилдөөлөргө катышкан. 1986-жыл.
Кыргызстандык илимпоздор кезинде дүйнөлүк космонавтиканын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон. Сүрөттө Фрунзедеги СССРдин Илимдер академиясынын космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун кызматкерлери космостон маалымат чогулткан "Фрагмент" жабдуусу менен