Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн кыргызстандыктар өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекетибиздин басып өткөн жолундагы кызыктуу... 31.08.2023, Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта көз карандысыздык жөнүндө декларациясын кабыл алып, өз алдынча республикага айланган. Ал жылдары бир катар эл аралык уюмдарга туруктуу мүчө болуп, дүйнөдөгү саясий процесстерге жигердүү катышты. Жаш мамлекет 32 жылда түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, бир далай кырларды ашты. Бул убакыт аралыгында беш президент, ондогон өкмөт башчы, спикерлер алмашты. Кыргызстандыктар кандуу Баткен, Аксы окуяларын, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуяларына күбө болду. Пандемия маалында ак халатчандардан, чек арадагы куралдуу кагылышууларда баатыр жоокерлеринен айрылды. Кыйынчылыктарга, оор күндөргө моюн сунбаган күжүрмөн эл өз жолун улап келет.Тема боюнча:— Жарым кылымда 12 миң адис даярдаган. Авиациялык институтка 50 жыл толду— Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер— Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү
Бүгүн кыргызстандыктар өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекетибиздин басып өткөн жолундагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта көз карандысыздык жөнүндө декларациясын кабыл алып, өз алдынча республикага айланган. Ал жылдары бир катар эл аралык уюмдарга туруктуу мүчө болуп, дүйнөдөгү саясий процесстерге жигердүү катышты. Жаш мамлекет 32 жылда түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, бир далай кырларды ашты. Бул убакыт аралыгында беш президент, ондогон өкмөт башчы, спикерлер алмашты. Кыргызстандыктар кандуу Баткен, Аксы окуяларын, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуяларына күбө болду. Пандемия маалында ак халатчандардан, чек арадагы куралдуу кагылышууларда баатыр жоокерлеринен айрылды. Кыйынчылыктарга, оор күндөргө моюн сунбаган күжүрмөн эл өз жолун улап келет.
Эгемендүүлүк алгандан кийин кыргызстандыктар чет элдиктер менен бир топ тармакта кызматташкан. Сүрөттө сырттан экспорттолуп келген автоунаа, техникалар.