ЕАЭБде дары, телефон жана ноутбуктарды маркалоо эрежелери бирдиктүү болот

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМаркировкаланган дары-дармектер. Архив
Маркировкаланган дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Кыргызстан учурда телефон менен ноутбукту бирдиктүү эреже аркылуу маркировкалоого даяр эместиги айтылды.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринде дары-дармектерди, алкоголсуз суусундуктарды, жемиш ширелерин, ошондой эле телефондор менен ноутбуктарды маркировкалоодо бирдиктүү эреже киргизилерин билдирди.

"Макулдашуу аркылуу биримдиктин аймагында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн шарт түзүлүп, ички рынокто ага жол бербөө мүмкүнчүлүгү пайда болот", — деп белгиледи ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.

Биримдиктеги өлкөлөр өзүнүн аймагында продукцияларды маркировкалоо тартибин качан киргизерин өз алдынча чечет. Бирок иш-чара башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен бул жөнүндө ЕЭКке кабарлоо керек.
Мындай жол менен ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө бирдиктүү маркировкадан өткөн башка өлкөнүн продукциясын таануу кепилденет.
Бирок учурда кээ бир өлкөлөр аталган товарлардын айрымдарын бирдиктүү белгилөөдөн өткөрүүгө даяр эмес. Мисалы, дары-дармек боюнча Армения, алкоголсуз суусундуктар жана жемиш ширелери боюнча Казакстан, ал эми ноутбук жана телефондор боюнча Казакстан менен Кыргызстан даяр эместиги айтылган.
Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Радио
ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү транзиттик система ишке кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0