Кызыл-Кыяда сотмедэксперт иштебегенине карабай айлык алып жүргөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча. Архивдик сүрөт
Акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
Чыгым 1 миллион 254 миң 200 сомду түздү.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баткендеги соттук-медициналык экспертиза бюросунда финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыядагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебейт. Бирок ал жерде иштейм деген киши айлык алып жүргөн.
"Аудитордук текшерүү 1 миллион 254 миң 200 сомдук финансылык эреже бузууну аныктады. "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча иш козголду. Тергөө жүрүп жатат", — деди ведомство.
Билим берүү борборунун мурдагы бухгалтери Казакстанга качууга аракет кылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
УКМК: Билим берүү борборунун мурдагы бухгалтери Казакстанга качууга аракет кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0