00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Милиция акыры шектүүлөрдү тапты

© AFP / NOEL CELISКишендер. Архивдик сүрөт
Кишендер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Тергөөнүн алкагында 100дөн ашуун жаран, анын ичинен 44 күбө суралган. Анда кээ бирлери башында жалган көрсөтмө бергени аныкталган.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бостериде каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнө шектүүлөр табылып, төрт адам кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бул ишти президент көзөмөлүнө алгандан кийин тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн атайын ыкчам топ түзүлгөн. Иштин жүрүшүндө 100дөн ашуун жаран, анын ичинен 44 күбө суралган. Кээ бирлери жалган көрсөтмө бергени белгиленди.
"Эс алуучунун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Кошумча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө жасалып, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкени аныкталды, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болуп чыккан.
Ысык-Көл райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, төртөө тең эки айга тергөө абагына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.
Белгилей кетсек, 6-августка караган түнү Бостеридеги "Золотые пески" пансионатынын жээгиндеги мушташтан улам 23 жаштагы Талас облусунун тургуну каза болгонун маркумдун бир тууган агасы билдирген. Анын айтымында, экспертизадан кийин милиция баланын талмасы кармап каза болгонун кабарлаган. Бирок маркумдун достору анын эч качан талма оорусу болбогонун белгилеп, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан эле. Милиция болсо алгачкы кароодо маркумдун денесинен кыйноонун белгилери табылбаганын, ага биринчи жардам көрсөтүү учурунда "тилин жутуп алганын байкадым" деген кишинин (өзүн медкызматкер катары тааныштырган) сөзүн жүйө келтирген.
Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
ИИМ башчысы Бостериде каза болгон жигиттин туугандары менен жолукту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0