Бостериде сабалып каза болду делген жигит. Милиция башкача версия айтууда

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиМилиция кызматкерлери Ысык-Көлдө. Архивдик сүрөт
Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
Маркумдун жакындары прокуратура жана башка бийлик жетекчилерине кайрылып, тергөө калыс жүргүзүлүшүн талап кылууда.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуу жайында 23 жаштагы жигит каза болду. Анын жакындары сабалганын айтууда, бирок милиция талмасы кармап көз жумган деген версияны таратты.
А.Б. аттуу маркум Талас облусунун тургуну болгон. Агасы видеокайрылуу жасап, 6-августка караган түнү иниси достору менен пляждагы барда отурганда жанындагы жети-сегиз бала менен пикир келишпестик жаралып, сабалганын айтты. Алган жараатынан А.Б. ошол жерде каза болгон. Мындан улам ал ошол окуяны видеого тартып калгандар болсо жөнөтүүнү суранды. Милицияга барса "иниңердин эпилепсиясы бар экен, тилин жутуп алган" деп койгонун билдирди.
Ошол эле учурда каза болгон жигиттин достору да прокуратура жана башка бийлик жетекчилерине кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнүштү. Алар досунун сабалганын көргөн күбөлөр бар экенин белгилеген.
Ал эми Ысык-Көл облустук милициясы маркумдун денесин караган учурда эч кандай күч колдонуунун изи көрүнбөгөнүн билдирди.
"Ысык-Көл райондук милицияга Тез жардам кызматынан 6-августта таңга маал саат 05.10дө маалымат түшкөн. Жерине Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Маркум келинчеги жана классташтары менен эс алууга келгени аныкталды. Бир классташынын айтымында, болжол менен саат 23:30да көл жээгиндеги барда отурушкан. Ошол учурда А.Б. белгисиз адамдар менен чатакташа кеткен, кийинчерээк аны бардын ары жагынан эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ошол учурда өзүн медик катары тааныштырган эс алуучулардын бири келип жардам көрсөтүүгө аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.
Милиция жардамга келген жаран Ош облусунун 23 жаштагы тургуну экенин аныктап, аны да суракка чакырган.
"Ал күбөнүн айтуусу боюнча көл жээгинде сейилдеп жүрүп болжол менен саат 5:00дө бирөө жардам сурап жатканын уккан. Анан келип эс-учун жоготкон жигит тилин жутуп алганын көрүп, карышып калган жаагын ача баштаган. Бул учурда Тез жардамдын кызматкерлери келген. Бирок жигитти өзүнө келтирүү аракеттеринен натыйжа болгон эмес. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Ысык-Көл милициясы соцтармакта балдардын мушташып жаткан видеосу бул окуяга тиешелүү эместигин белгиледи. Ал жаңжал 3-июль күнү жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгону айтылат. Бул боюнча эки тарап тең арыз жазган эмес.
Гидроциклдеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Ысык-Көлдө эки адамды гидроскутер коюп каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0