Мэрия: Бишкекте троллейбус линиясынын ордуна маршруткалар чыга баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги маршруткалар. Архив
Бишкектеги маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Сазыкулов айдоочулардын иш таштоосун накталай эмес төлөмгө өтүү менен байланыштырууда. Мурда жүргүнчүлөр жол кирени айдоочулардын колуна берсе, эми анын баары карта аркылуу ишке ашат.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкекте троллейбустардын линиясынын ордуна маршруткалар чыга баштады. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, маршруткалар шаарда жетиштүү.

"Жалпысынан алганда шаар жашоочулары троллейбустардын жоктугун байкабай деле калышат. Ошол эле учурда биз айдоочулар менен иштешип, аларды жумушуна кайтууга чакырып жатабыз. Сентябрь айынан тартып 50 миң сом айлык берилет, келе жаткан жылдын январь айында аны дагы көбөйтүүнү карап чыгабыз. Мурда троллейбус айдоочулары 22 миң сом айлык алса, эми 50 миң сомго жетти", — деди ал.

Сазыкулов айдоочулардын иш таштоосун накталай эмес төлөмгө өтүү менен байланыштырууда. Мурда жүргүнчүлөр жол кирени айдоочулардын колуна берсе, эми анын баары карта аркылуу ишке ашат.
"Мурда каражаттын кайсы бир бөлүгү айдоочулардын чөнтөгүндө калчу. Эми ал шаардын бюджетине түшөт. Алардын дагы бир талабы – Бишкек транспорт башкармалыгынын жетекчисин кызматынан алуу болду. Бул эми компетенттүү органдарга тиешелүү", — деди Сазыкулов.
Айта кетсек, бүгүн борбор калаада троллейбус айдоочулары маянаны көбөйтүү талабы менен иш ташташты. Алар кечээ, 10-августта да, акцияга чыгып, эгер маянаны көтөрбөсө жумуштан кетишерин билдиришкен. Алар орто эсеп менен 22 миң сом маяна алат. Бул акча эч нерсеге жетпей жатканына нааразы болгон айдоочулар айлыгын 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Кечээ Троллейбус башкармалыгы 50 миң сомго чейин жогорулатууга даярдыгын билдирген. Кээ бир айдоочулар бул дагы аз экенин айтып, иштен кетүүгө камынып калышкан.
Башкармалык августтан тарта маяна расмий түрдө 50 миң сом болорун, бирок салык жана Соцфондго чегерүүдөн кийин жумушчулардын колуна 40 миң тиерин кабарлады. Бирок айдоочулар макул болбой, бүгүн да акция уюштурган. Жарымы такыр эле каттамга чыкпай койсо, жарымы аялдамаларга токтобой бош эле айланып жүрөт.
Бул арада Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырууда.
Автобус айдоочусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат
Жаңылыктар түрмөгү
0