Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрөт

© Sputnik / Евгения НовоженинаЫлайда жубайын көтөрүп бараткан киши. Иллюстративдик сүрөт
Ылайда жубайын көтөрүп бараткан киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, 12-14-августта өзгөрмөлүү аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, суу өтүүчү каналдарды тазалоону сунуштады.
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Түптүн дагы үч айылында катуу сел жүрдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0