Жаанчыл болот. Кыргызстан боюнча 8-июлга чейинки аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте велосипедчилер жол боюнда жүрүп жатышат. Архив
Бишкекте велосипедчилер жол боюнда жүрүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Келерки жумада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет 8-июлга чейин Кыргызстандын аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, алдыдагы аптанын аягында Бишкекте өткүн өтүп, күр күркүрөшү мүмкүн.
Чүй облусу
2-июлда күн ачык болот, андан кийинки күндөрү жуманын аягына чейин жер-жерлерде күн күркүрөп, өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-5-июлда айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.
Талас облусу
2 жана 4-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, калган күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
2-июлда күн ачык болот. 3-июлдан тарта аптанын аягына чейин жер-жерлерде өткүн өтүшү күтүлөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
2-июлда күн ачык болот. Жуманын калган күндөрүндө жаан жаашы ыктымал.
Бишкектеги Ынтымак паркындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Акыркы 38 жылда адамдардын тукум улоо жөндөмү 58%га төмөндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0