00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Режиссер Лиля Турусбековага арналган сүрөт көргөзмө өтөт

© Фото / из семейного архива ДанияровыхРежиссёр-документалист Лиля Турусбекова. Архив
Режиссёр-документалист Лиля Турусбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Жазылуу
Лиля Турусбекова — айтылуу акын, драматург Жусуп Турусбековдун кызы.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бүгүн саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Лиля Турусбекова – көрүнүктүү инсан жана режиссёр" аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, сүрөт көргөзмө режиссёр-документалист, Кыргызстандын даректүү тасмаларынын башатында турган Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналмакчы.
"Документалдык кино тармагында 36 жыл үзгүлтүксүз иштеген эмгек жолунда Лиля Турусбекова өлкөнүн летописин жаратты десек жарашат. Анын фильмографиясында жүзгө жакын тасма бар. Турусбекова өзүнүн кесиптештеринин фильмдеринин редактору, киностудиянын көркөм кеңешинин мүчөсү болгон. Лиля Турусбекованын чыгармачылыгынын өзөгүн жеке адамдын өзү, анын чыгармачылыгы түзгөн. Эмгектери жогорку кесипкөйлүгү менен гана эмес, лирикалуулугу, терең ойлуулугу, тасмалардын жана киноочерктердин каармандарына чын ыкластан кызыгуусу менен да айырмаланып турат. Ал тарткан тасмалар биздин замандаштар үчүн бүтүндөй бир доордун жана өлкөбүздүн документалдык тарыхынын айрып алгыс бир бөлүгүн өзүнө камтыган баалуу таберик болуп калды", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Лиля Турусбекова 1933-жылдын 8-майында Фрунзе шаарында, Улуу Ата Мекендик согушка кетип кан майдандан кайтпай калган белгилүү советтик акын жана драматург Жусуп Турусбековдун үй-бүлөсүндө туулган.
1951-жылы Фрунзе шаарындагы №28 мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетине тапшырып, 1956-жылы аяктаган.
Турусбекованын эмгектери бааланып, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы, Ардак белгиси ордени, Эмгектин ветераны медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, СССР кинематографиясынын мыктысы төш белгиси менен сыйланган.
Лиля Турусбекованын көрөрмандар жогору баалаган документалдык фильмдеринин катарына: "Алар Тянь-Шанда төрөлгөн", "Кыргыз искусствосунун майрамы", "Сенин курбуларың", "Улуу эпос", "Кыргыз искусствосунун чеберлери", "Кыргызстандагы советтик кино жумалыгы", "Жаз соңунда", "Кошой-Таш", "Жаңырган жерде" жана башкалар кирет.
Кинорежиссер Лиля Турусбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0