Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү

Жазылуу
Быйыл белгилүү кинорежиссёр Лиля Турусбекованын 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таланттуу киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Лиля Турусбекова 1933-жылы 8-майда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы атактуу жазуучу Жусуп Турусбеков фронттон көз жумганда ал тогуз жашта болгон. Борбор калаадагы мектепти аяктаган соң Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетине тапшырып, кыргыз жаштарынын арасынан биринчилерден болуп ЖОЖду аяктап, мекенге кайтып келген. Жаш киночу 1955-жылдан баштап Фрунзедеги студияда эмгектенип, ал жакта 20дан ашык даректүү тасмаларды тарткан. 60-жылдары толук метраждуу кинофильмдерди тартуу менен алектенген. Турусбекова чыгармачылыгында жалпы 32 даректүү кинокартина тартып, "Советтик Кыргызстан" киножурналынын 65 чыгарылышын даярдаган. Ошондой эле башка кесиптештеринин тасмаларда редактору болгон. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2001-жылы 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
© Фото / из семейного архива Данияровых

Жусуп Турусбеков менен Гүлсүн Молдахматова кызы Лиля менен

Жусуп Турусбеков менен Гүлсүн Молдахматова кызы Лиля менен - Sputnik Кыргызстан
1/15

Жусуп Турусбеков менен Гүлсүн Молдахматова кызы Лиля менен

© Фото / © Фото / из семейного архива Данияровых

Жусуп Турусбеков кичинекейлерге китеп окуп берүүдө. Болочоктогу киночу Лиля солдон экинчи турат. Сүрөт 1941-жылдын жазында тартылган

Жусуп Турусбеков кичинекейлерге китеп окуп берүүдө. Болочоктогу киночу Лиля солдон экинчи турат. Сүрөт 1941-жылдын жазында тартылган - Sputnik Кыргызстан
2/15

Жусуп Турусбеков кичинекейлерге китеп окуп берүүдө. Болочоктогу киночу Лиля солдон экинчи турат. Сүрөт 1941-жылдын жазында тартылган

© Фото / из семейного архива Данияровых

Оңдо биринчи турган 15 жаштагы Лиля жана анын жанында болочоктогу атактуу кино оператор Марлес Туратбеков. Чолпон-Атадагы балдар санаторийи, 1948-жыл

Оңдо биринчи турган 15 жаштагы Лиля жана анын жанында болочоктогу атактуу кино оператор Марлес Туратбеков. Чолпон-Атадагы балдар санаторийи, 1948-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/15

Оңдо биринчи турган 15 жаштагы Лиля жана анын жанында болочоктогу атактуу кино оператор Марлес Туратбеков. Чолпон-Атадагы балдар санаторийи, 1948-жыл

© Фото / из семейного архива Данияровых

Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунда окуган кез. 1954-жыл

Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунда окуган кез. 1954-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/15

Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунда окуган кез. 1954-жыл

© Фото / из семейного архива Данияровых

Лиля Турусбекова туңгуч кыргыз айым режиссёрлорунун бири. Ал "Кыргызфильмде" алгачкылардан болуп иштеп жүргөн жылдар. Фрунзе, 1956-жыл

Лиля Турусбекова туңгуч кыргыз айым режиссёрлорунун бири. Ал "Кыргызфильмде" алгачкылардан болуп иштеп жүргөн жылдар. Фрунзе, 1956-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/15

Лиля Турусбекова туңгуч кыргыз айым режиссёрлорунун бири. Ал "Кыргызфильмде" алгачкылардан болуп иштеп жүргөн жылдар. Фрунзе, 1956-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссёр Юз Герштейн менен иштешкен учур. 60-жылдар

Кинорежиссёр Юз Герштейн менен иштешкен учур. 60-жылдар - Sputnik Кыргызстан
6/15

Кинорежиссёр Юз Герштейн менен иштешкен учур. 60-жылдар

© Sputnik / Александр Федоров

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Москвага жолугушууга барган учур. Аны коштогон Төлөмүш Океев менен Лиля Турусбекова

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Москвага жолугушууга барган учур. Аны коштогон Төлөмүш Океев менен Лиля Турусбекова - Sputnik Кыргызстан
7/15

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Москвага жолугушууга барган учур. Аны коштогон Төлөмүш Океев менен Лиля Турусбекова

© Sputnik / Александр Федоров

Иш үстүндөгү таланттуу режиссёр кесиптеши менен. Турусбекова "Кыргызфильмде" 35 жылдан ашык эмгектенген

Иш үстүндөгү таланттуу режиссёр кесиптеши менен. Турусбекова "Кыргызфильмде" 35 жылдан ашык эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
8/15

Иш үстүндөгү таланттуу режиссёр кесиптеши менен. Турусбекова "Кыргызфильмде" 35 жылдан ашык эмгектенген

© Sputnik / Александр Федоров

"Кыргыз кереметин" баштоочулары Москвада. Алардын арасынан Геннадий Базаров, Төлөмүш Океев, Лиля Турусбекованы көрүүгө болот

"Кыргыз кереметин" баштоочулары Москвада. Алардын арасынан Геннадий Базаров, Төлөмүш Океев, Лиля Турусбекованы көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
9/15

"Кыргыз кереметин" баштоочулары Москвада. Алардын арасынан Геннадий Базаров, Төлөмүш Океев, Лиля Турусбекованы көрүүгө болот

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёр Лиля Турусбекова, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана режиссёр Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл

КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёр Лиля Турусбекова, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана режиссёр Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/15

КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссёр Лиля Турусбекова, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана режиссёр Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Лиля Турусбекованын 50 жаш кутман курагы менен куттуктаганы келген Төлөмүш Океев

Лиля Турусбекованын 50 жаш кутман курагы менен куттуктаганы келген Төлөмүш Океев - Sputnik Кыргызстан
11/15

Лиля Турусбекованын 50 жаш кутман курагы менен куттуктаганы келген Төлөмүш Океев

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссёр чыгармачылыгында негизинен даректүү тасмаларды тартуу менен алектенген. Ал кесиптештери Бакыт Карагулов, Геннадий Базаров менен

Кинорежиссёр чыгармачылыгында негизинен даректүү тасмаларды тартуу менен алектенген. Ал кесиптештери Бакыт Карагулов, Геннадий Базаров менен - Sputnik Кыргызстан
12/15

Кинорежиссёр чыгармачылыгында негизинен даректүү тасмаларды тартуу менен алектенген. Ал кесиптештери Бакыт Карагулов, Геннадий Базаров менен

© Фото / из семейного архива Данияровых

Лиля Турусбекова белгилүү окумуштуу Санжарбек Данияровго турмушка чыгып, жубайлар Асел, Гюзел аттуу эгиз кыздуу болгон. 1959-жыл

Лиля Турусбекова белгилүү окумуштуу Санжарбек Данияровго турмушка чыгып, жубайлар Асел, Гюзел аттуу эгиз кыздуу болгон. 1959-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/15

Лиля Турусбекова белгилүү окумуштуу Санжарбек Данияровго турмушка чыгып, жубайлар Асел, Гюзел аттуу эгиз кыздуу болгон. 1959-жыл

© Фото / из семейного архива Данияровых

Айтматовдун дачасында меймандар. Сүрөттө солдон оңду көздөй экинчи турган Санжарбек Данияров, андан кийин Лиля Турусбекова, Чыңгыз Айтматов, Керез Шамшыбаева, Шаршен Усубалиев, Валентина Исабаева. 1979-жыл

Айтматовдун дачасында меймандар. Сүрөттө солдон оңду көздөй экинчи турган Санжарбек Данияров, андан кийин Лиля Турусбекова, Чыңгыз Айтматов, Керез Шамшыбаева, Шаршен Усубалиев, Валентина Исабаева. 1979-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/15

Айтматовдун дачасында меймандар. Сүрөттө солдон оңду көздөй экинчи турган Санжарбек Данияров, андан кийин Лиля Турусбекова, Чыңгыз Айтматов, Керез Шамшыбаева, Шаршен Усубалиев, Валентина Исабаева. 1979-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 68 жашында көз жумган.

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 68 жашында көз жумган. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 68 жашында көз жумган.

Тема боюнча:
Жашоосун киного айланткан режиссер. Актан Арым Кубаттын сүрөттөгү ирмемдери
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0