Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

© Sputnik / Жоомарт УраимовTez jet авиакомпаниясынын учагы. Архив
Tez jet авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Жазылуу
"Баткен" аба майданы буга чейин оңдоо үчүн жабылган болчу.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Маалыматка караганда, ата мекендик Tez jet компаниясы 18-майдан тарта Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча жумасына бир ирет, ар бейшемби сайын каттамдарды аткара баштайт.
Эске салсак, "Баткен" аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.
Самолет в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Быйыл жазда Бишкектен кайсы жактарга учууга болот? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0