Быйыл жазда Бишкектен кайсы жактарга учууга болот? Тизме

© Sputnik / Виталий АньковСамолет в аэропорту. Архивное фото
Самолет в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Көпчүлүк каттамдар Россиянын шаарларына аткарылат.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы быйыл жаз айларында аткарыла турган эл аралык жана ички авиакаттамдар, жүргүнчүлөрдү ташуучу авиакомпаниялар жана рейстердин жыштыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Россия

Avia Traffic Company авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Иркутск — Бишкек, жумасына бир жолу (бейшемби);
Бишкек — Казань — Бишкек, жумасына бир жолу (дүйшөмбү);
Бишкек — Красноярск — Бишкек, жумасына бир жолу (шейшемби);
Бишкек — Москва — Бишкек, жумасына 14 каттам (күн сайын);
Бишкек — Новосибирск — Бишкек, жумасына үч жолу (шейшемби, жума, жекшемби);
Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек, жумасына эки жолу (бейшемби, ишемби).
Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Москва — Бишкек, жумасына эки жолу (шаршемби, жекшемби).
"Сибирь" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Иркутск — Бишкек — Иркутск, жумасына үч жолу (дүйшөмбү, бейшемби, ишемби);
Новосибирск — Бишкек — Новосибирск, жумасына жети жолу (күн сайын).
"Уральские Авиалинии" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург, жумасына жети жолу (күн сайын);
Красноярск — Бишкек — Красноярск, жумасына бир жолу (жекшемби);
Москва — Бишкек — Москва, жумасына он эки каттам (күн сайын);
Санкт-Петербург — Бишкек — Санкт-Петербург, жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума).
"Аэрофлот" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Москва — Бишкек — Москва, жумасына он төрт жолу (күн сайын).
"Россия" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Красноярск — Бишкек — Красноярск, жумасына төрт жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума, жекшемби).
"Северный ветер" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Казань — Бишкек — Казань, жумасына үч жолу (шейшемби, шаршемби, ишемби);
Тюмень — Бишкек — Тюмень, жумасына бир жолу (ишемби).

Индия

Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Дели — Бишкек, жумасына бир жолу (бейшемби).

Кытай

China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Урумчи — Бишкек — Урумчи, жумасына жети жолу (күнүгө).
Loong Air авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Сиань — Бишкек — Сиань, жумасына эки жолу (дүйшөмбү, жума). Каттамдарды 27-марттан тарта аткаруу пландалууда.

Бириккен Араб Эмирлиги

Fly Dubai Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына 14 каттам (күнүгө).
Air Arabia авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Шаржа — Бишкек — Шаржа, жумасына жети жолу (күн сайын).

Кувейт

Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Кувейт — Бишкек — Кувейт, жумасына жети каттам (күн сайын).

Түркия

Pegasus Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Анталия — Бишкек — Анталия, жумасына беш жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби);
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 14 каттам (күн сайын).
Turkish Airlines авиакомпаниясы:
Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 28 каттам (күн сайын).
Southwind Airlines авиакомпаниясы:
Анталия — Бишкек — Анталия, жумасына эки жолу (жума, жекшемби).

Өзбекстан

Uzbekistan Airways авиакомпаниясы:
Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына беш жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, ишемби, жекшемби).

Казакстан

Air Astana авиакомпаниясы:
Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына тогуз жолу (күнүгө).
Ички каттамдар:

Ош

Avia Trafic Company авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына он жети каттам (күн сайын);
Tez Jet Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 28 каттам (күн сайын);
Бишкек — Ош — Бишкек, Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы - жумасына он эки каттам (күн сайын).

Жалал-Абад

Tez Jet Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек, жумасына жети каттам (күн сайын).

Раззаков

Tez Jet Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Раззаков — Бишкек, жумасына бир жолу (шаршемби).

Баткен

Tez Jet Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамдар:
Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына бир жолу (шейшемби).
TEZ JET авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек авиакаттамынын саны көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0