Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ишке ашпас “контрчабуул”. Пентагондун ачыкка чыккан “сырлары” тек гана актануубу?

© AFP / SAUL LOEBВашингтондогу Пентагондун имараты. Архив
Вашингтондогу Пентагондун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн көктөмдөгү “контрчабуулунун” америкалык бет ачары кечеңдеп эле келе жатат. Ал эми анын тегерегиндеги түркүн оюндарга Россия жай гана көз салууда.
Вашингтон украиналык күчтөрдүн ийгиликке жетеринен шектенип, “контрчабуулдун” кооптуулугун туюп турат көрүнөт. “Пентагон менен АКШнын чалгындоо кызматтарынын “өтө купуя” сырлары сыртка чыгып кетти” деген маалымат коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн атайын уюштурулгандай элес калтырат деген ойдо аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор ушул кептин учугун чубаган.
АКШнын улуттук коопсуздугу боюнча “өтө купуя” маалыматтардын желеге тарап кетишинен тарткан залалды Пентагон дээрлик бир аптадан бери күнү-түнү эсептөөдө.
Washington Post гезити чет өлкөлүк расмий өкүлдөр, айрыкча Кошмо Штаттардын союздаштары жашыруун маалыматтардын ачыкталып кетишине айран таң калып турганын жазат. Согуштук туңгуюкка миллиарддаган долларды салуу Киевдин Европа менен АКШдагы тарапташтарын чечкиндүүлүктөн тайдырып коюшу ыктымал. Ошол окуядан кийин Киев “контрчабуул” пландарын аргасыз өзгөртө турганын жар салды.
Ошентсе да дүйнө жаңы нерсени деле уккан жок. Америкалык ондогон атайын кызматтардын дайым эле каршылаш санагандарын да, союздаштарын да бирдей деңгээлде аңдып келген. Албетте, украиналык президент Владимир Зеленский жашыруун байкоодо, себеби ансыз деле ушул тапта НАТОнун атайын кызматкерлери менен күнү-түнү кайтарылат.
Бардык континенттердеги АКШнын бөлөк желдеттерине да тыкыр көз салынат. Мындай тажрыйба эч кимге деле сыр эмес. Маселен, желеге тараган "X-файлдарда" аты аталган Израиль таң калбаса деле керек.
Россияга 40 миң реактивдүү дүрмөт жеткирүү боюнча египеттик план туурасындагы маалымат кишини күлдүрбөй койбойт. Себеби андай көлөмдөгү дүрмөттү РФ украиналык согуштук аракеттер театрында болжол менен эки суткада сарптап коёт.
Египеттин сырттан курал алуу көрсөткүчүндө Россия алдыңкы сапта турат, бул жалпы көлөмдүн 34 пайызын түзөт. Экинчи жана үчүнчү орунду 19 пайыздык көрсөткүч менен Италия менен Франция ээлейт.
Украина Куралдуу күчтөрүн камсыздоодо тартыштык бар экени, абадан коргонуу тутумунун каражаттары, ок-дары жана ок өткөрбөс техникалардын таңсыктыгы жакынкы жылдары чечилчү иш эмес. Мындай жагдай азыр эч кимге жашыруун эмес.
"X-файлдар" туурасындагы маалыматтык шоу ашкере эле америкалыктарча уюштурулуп, Гурон көлүн асмандан айланган башка планеталыктардын аба кемелерин АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн учактары кубалаганын аргасыз эске салат.
Украиналыктардан айырмаланып башка планетадан келгендер азырынча жабыр тарткан жок. Анткен менен бул эки учурда тең дүйнөлүк коомчулук кулак түрө калары турулуу. Бирок нагыз максаттары түшүнүксүз...
АКШнын апрель айындагы маалыматтык бороону – күчтөрдү кайра топтоо же стратегияны алмаштыруу үчүн “согуш мунарыгын” жаратуу. “Купуя” делген маалыматтарды атайын чыгаруу менен алар Украина Куралдуу күчтөрүнүн быт-чытын чыгаруучу контрчабуул жасоодон артка кайттыруу аракети жасалган өңдүү.
“Ачыкка чыгып кеткен” документтерде Кошмо Штаттар жана НАТО өлкөлөрү тарабынан 12 украиналык бригаданын түптөлүшү, алардын тогузун түздөн-түз америкалыктар машыктырып жатканы туурасындагы маалыматтар камтылат.
12 бригаданын баары (60 миңге чукул жоокер, 250 танк жана 350 пехота унаасы жана БТР) украиналык согуштук аракеттер театрына 30-апрелде жеткирилмек экен. Мындай санда болсо деле жетишсиз экени айдан ачык. Украиналык күчтөр ыкчам багыттардын эч бирин жиреп кирүүгө сан жагынан да, сапат боюнча да даяр эмес. Аскер-аба күчтөрү жана абадан коргонуу тутумдары дегеле жок. Себеби эмнеде?
Пентагондун башчысы Ллойд Остин февраль айында эле CNN каналына берген маегинде Кошмо Штаттар Украина Куралдуу күчтөрүнө “россиялык коргонууну жирей ала турган” бир нече бригаданы таптап берерин маалымдаган эле.
Апрелде башкага басым жасалууда. Же ушундай жол менен суудан кургак чыгууну көздөп турушабы деген да ой келбей койбойт. Афганстанда демократиянын үрөнүн себүүгө аракет кылышканда деле ушундай болбодубу?!
Айтор, киевдик режимге Батыштагылар акыркы мүмкүнчүлүктү карматышты. Украина Куралдуу күчтөрүнүн дүйнөгө жар салынган “контрчабуул” ийгиликсиз өтсө, “донор өлкөлөрдүн саны” кескин өзгөрө түзөт. Ал эми Батыш Украина Польшага өтүшү ыктымал. Бул туурасында жакында эле эки мамлекеттин президенттери Владимир Зеленский менен Анжей Дуда макулдашканы маалым.
Жагдай да азыр аларга каршы түзүлгөндөй, себеби Вашингтон ссуда жана аскердик техникаларын кайра талап кылып туру. Ал эми киевдик режимдин карызы 150 млрд. доллардан ашты. Польша Украинаны кайра калыбына келтирүүгө ар кыл мамлекеттер берген акчанын баарын жыйноого ниеттенет.
Niezależny Dziennik Polityczny басылмасы: "Контрчабуул утуларын билип, ал эми АКШнын кысымы күчөй турганын туйган Зеленский жападан жалгыз туура чечимге келди. Батыш Украина темасына кайтуу...", — деп жазды. Мекенди сатуу боюнча мында кеп жок, маселе Украина менен Польшанын ортосунда чек аранын жоктугунда.
АКШнын “өтө жашыруун” делген ондогон аскердик жана чалгындоо документтери кантип желеге тарап кетти? Аларды өкмөттө эң жогорку кызматтарды ээлегендер гана көрө алышат эмеспи. Ак үй “акыркы он жылдыктагы эң чоң бул мыйзамсыз аракеттин булагын” аныктоо менен алышууда.
АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби мурдагы күнү:
"Биз мунун аркасында ким турарын билбейбиз. Буга эмне түрткү болгонунан да кабарыбыз жок. Дагы эмнелер чыгарын да болжой албайбыз", — деген билдирүү жасады.
Вашингтон Гурон көлүндөгү башка планеталыктарды кубалагандай жорукту эмес, мындан да ынандырарлык, салмактуу бир нерсени ойлоп чыкса болмок…
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун көмөгү Украинаны "жардан учурганы" калды. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0