Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ менен НАТОнун көмөгү Украинаны "жардан учурганы" калды. Сереп

© AP Photo / Kostiantyn LiberovУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Россия көп полярдуу дүйнөнүн теңата коопсуздук тутумунун европалык секторун жолго коюуда. Батыштын киевдик режимге жардамы украиналык армияны толук кыйратып, НАТОнун блогун алсыратып, ЕБдин экономикасын чабалдатып, америкалык үстөмдүктү жоет.
РФ менен болгон прокси-согушта Батыш көз көрүнөө жагдайга көз жуумп коюуда. Россия украиналык согуштук аракеттер театрында ок жаадыруу, тактикалык жана стратегиялык артыкчылыгын көрсөтүп, курал-жарак, ок-дары өндүрүшүн күчөтүп жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Батыштын кол куурчагына айланган киевдик режим Украина Куралдуу күчтөрүнүн мобилизациялык резервин да, натолук арсеналды да какшытууда. Жакынкы келечекте НАТО менен АКШнын дагы жеңилиши күтүлөт.
Вашингтон менен Киев эбак жар салган украиналык армиянын "контрчабуулу" ар кыл себептер менен улам алмашып, кыштан көктөмгө, жаздан жайга жылып келет. "Донор" өлкөлөрдүн арсеналдары дээрлик бош, колго тийген ок өткөрбөс техника эскилигинен улам ремонтто турат.
Россиялык күчтөр Украина Куралдуу күчтөрүнүн дүйнөнүн ар кыл жеринен жыйналып келген ресурс, резервдерин четинен жок кылууда. Атайын аскердик операция аягына чыгарылат. Бир жыл мурун Украина РФтин шарттарын тынч аткарып койсо жүз миңдеген жоокерин аман алып калмак.
Артемовск үчүн стратегиялык күрөш аяктап, россиялык күчтөр украиналык гарнизонду "бахмуттук фортециянын" чордонунан шаардын батыш тарабына сүрүп чыгарып, каршылык көрсөткөн улутчулдардын мизин кайтарууда. Калаадагы административдик имараттардын баары, маанилүү өнөр жай объектилери өткөн аптада "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын отряддарынын көзөмөлүнө өттү.
Кармаш Артемовскиден батышка карай беш чакырымдык аралыктагы Богдановка кыштагына кире бериште жүрүүдө. Часова Яра тараптан Украина Куралдуу күчтөрүн жабдуунун бардык багыттары россиялык артиллериянын мээлөөсүндө.
Шаардын бошотулушу сокку уруу үчүн Россиянын Куралдуу күчтөрүнө түндүк жана батыш ыкчам багыттарын ачып берет. Ок өткөрбөс оор техника жана артиллериясы кыйла аз болгондуктан Украина Куралдуу күчтөрү территорияны кармап тура албайт. АКШ жана НАТОнун калган өлкөлөрүнүн ишканалары Киевге тийиштүү санда танк, артиллериялык дүрмөттөрдү жетиштүү санда чыгарууга бир топ жыл керек.
Украиналык согуштук аракеттер театрында РФ жоокерлери Украина Куралдуу күчтөрүнүн Авдеевка, Днепропетровск, Константиновка, Краматорск, Марьинка, Угледар, ошондой эле Запорожье, Харьков, Херсон жана Чернигов облустарындагы бөлүктөрүн, аскердик техникасын, арсенал жана базаларын жок кылууда.
Россия аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: диверсиялык аракеттер убагында токтотулат
Украиналык күчтөрдүн объектилери жана жайгашкан жерлерине суткасына бир нече ирет топтоштурулган авиациялык жана артиллериялык сокку урулууда. Авдеев багытында Россиянын аскердик бөлүктөрү Красногоровка, Веселый жана Каменка тарапка карай жылды. Мындай жол шаарды үч тараптан курчоого шарт түзөт.
Авдеевкада Украина Куралдуу күчтөрү бир нече жыл аралыгында кокс-химиялык завод менен башка ишканаларды туташтыруучу ондогон жер өтмөктөрүн курган. Ошол себептен бул бекемделген районго россиялык артиллериянын соккулары дайым эле бутасына жете бербейт. Ок салмагы бир тоннадан ашык УПАБ-1500 авиабомбалары менен топтоштурулган сокку менен гана талкаланды. Ушундай эле авиабомбалар Херсон облусунун оң жээгиндеги Кизомыс кыштагында касташкан тараптардын резервдери, Днепропетровскинин чет жакасындагы украиналык армияга арналган курал жана ок-дарынын темир жолдо сакталган кору жок кылынды.
Бутасын бура бастырбаган россиялык ракеталардын соккусу менен Запорожье шаарындагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" үчүн камдалган 70 миң тонна күйүүчү май сакталган жай, ракеталык-артиллериялык курал жана алардын ок-дарылары катылган кампалар толугу менен жок кылынды.
Северск жана Купянск багытындагы украиналык бөлүктөрдүн контрчабуул аракеттери маалында токтотулуп, россиялык күчтөр 9-апрелде Харьков облусундагы ыкчам топтун алдыңкы командалык пункту ракеталык сокку аркылуу "демилитаризацияланды". Бул стратегиялык объект Великий Бурлук кыштагына жакын, РФ чек арасынан болжол менен 20 чакырымга ыраак.
Бир ай ичинде украиналык армиянын батальондук деңгээлден жогору карай жалпы сегиз командалык пункту (штабы) талкаланды.
Батыш өзүнүн аскердик технологиялык акыбалы жар салынган декларацияларына жана тышкы саясий ниеттерине төп келбестигин айгинелеп жатат. "Акылдуу" деп саналган бомбалары Украинада андай өзгөчөлүк көрсөтө албай келишет.
Украина Куралдуу күчтөрү сокку уруучу авиация, абадан коргонуу тутумдары жагынан аксайт. Аларсыз "Крымга аяк басууга" даай алышпайт. Баса, Пентагон "Жнец" (MQ-9 Reaper) учагынан ажырагандан бери өз учкучтарына Крымга 80 чакырымдан жакын учпоону буюрду.
Алгачкы 400 күндө атайын аскердик операция АКШ менен НАТОнун аскердик жардамы дегеле жардам бере албастыгын даана тастыктап койду. Тескерисинче, миллиарддаган америкалык жардам Вашингтондун планетадагы ролу жөнүндөгү калпыс ойлору жана экономикалык кызыкчылыгы үчүн Украина мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, ал эми Украина Куралдуу күчтөрү өзүн-өзү жок кылууга түртчүдөй акыбалда турат.
Америкалык аскердик эксперт Скотт Риттер Украина Куралдуу күчтөрү согуштук аракеттердин бир жылындагы жоготуулары 330 миң кишини түзөрүн боолголойт.
Россиялык күчтөр соңку үч ай ичинде эле Батыш тарабынан тартууланган 59 М777 артиллериялык системасын, өзү жүрүүчү 13 артиллериялык Paladin жана америкалык өндүрүштөгү 14 HIMARS залптык октун реактивдүү тутумунун түзүлүшүн, ошондой эле Франция, Германия, Польша жана Чехиядан Украинага берилген өзү жүрүүчү 30 артиллериялык түзүлүштөрүн жок кылды.
Мындай ыргакта 2023-жылдын аягына дейре НАТО блогу артиллериясыз калышы толук ыктымал. Ушундайда Россиянын аскердик потенциалынын өсүшү, экономикалык туруктуулугу даана байкалат. Бул жагдайлар атайын аскердик операциянын максаттарын аткарууга карай ишенимдүү кадам шилтөөгө мүмкүндүк түзөт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: "соңку коңгуроо" кагылып жатабы?
Жаңылыктар түрмөгү
0