https://sputnik.kg/20230405/kyrgyzstan-opera-balet-teatr-solist-taryh-taberik-surot-1074180303.html
"Курманбек" операсынын багын ачкан жылдыздар. Таберик сүрөт
"Курманбек" операсынын багын ачкан жылдыздар. Таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 05.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-05T19:12+0600
2023-04-05T19:12+0600
2023-04-06T10:14+0600
кыргызстан
маданият
театр
опера
эсенбү нурманбетова
кайыргүл сартбаева
эсенбүбү молдокулова
сүрөт
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/04/05/1074180463_0:316:2184:1545_1920x0_80_0_0_c5ddbf0a9f00709ea1f36e5a255c17ee.jpg
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРСолдон оңду көздөй турган Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, КРдин эл артисттери Эсенбү Нурманбетова менен Эсенбүбү Молдокулова, КРдин эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев жана анын апасы, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын сүрөтү 1991-жылы Бишкек шаарында тартылган.Ал жылы сүрөттөгү инсандар белгилүү композитор Насыр Давлесовдун "Курманбек" операсынын премьерасын театрда ийгиликтүү өткөргөн.Ошол кезеңди көптөн бери театрда режиссёр болуп иштеп келе жаткан Искендер Сартбаев мындайча эскерди.Сүрөт тартылган маалда Эсенбү Нурманбетова 34, Эсен Молдокулова 50, Искендер Сартбаев 24, Кайыргүл Сартбаева 55 жашта болгон. "Курманбек" эпосунун негизинде жаралган Насыр Давлесовдун операсына көптөгөн чыгармачыл инсандар катышкан.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/05/1074180463_0:316:2184:1954_1920x0_80_0_0_c40ef1cdf3456753bb4ecb96a267cb9a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, театр, опера, эсенбү нурманбетова, кайыргүл сартбаева, эсенбүбү молдокулова, сүрөт, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, театр, опера, эсенбү нурманбетова, кайыргүл сартбаева, эсенбүбү молдокулова, сүрөт, таберик сүрөт, инфографика
"Курманбек" операсынын багын ачкан жылдыздар. Таберик сүрөт
19:12 05.04.2023 (Жаңыртылды: 10:14 06.04.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Солдон оңду көздөй турган Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, КРдин эл артисттери Эсенбү Нурманбетова менен Эсенбүбү Молдокулова, КРдин эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев жана анын апасы, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын сүрөтү 1991-жылы Бишкек шаарында тартылган.
Ал жылы сүрөттөгү инсандар белгилүү композитор Насыр Давлесовдун "Курманбек" операсынын премьерасын театрда ийгиликтүү өткөргөн.
Ошол кезеңди көптөн бери театрда режиссёр болуп иштеп келе жаткан Искендер Сартбаев мындайча эскерди.
"Мен ал жылы жогорку окуу жайда студент болчумун, башкы режиссердун жардамчысы болуп ары-бери чуркап жүргөм. Театрдагылар 1991-жылы композитор Насыр Давлесовдун "Курманбек" спектаклин алгачкы жолу сахнага коюп, ага сүрөттөгү Эсенбү Нурманбетова, Эсенбүбү Молдокулова, апам Кайыргүл Сартбаева катышкан. Үчөө тең театрда узак убакыт ырдап, кийин ардактуу эс алууга чыгышты. Азыр Кайыргүл Сартбаева менен Эсен Молдокулованын көзү тирүү. Ал эми, тилекке каршы, Эсенбү Нурманбетова ооруп жүрүп эрте эле бул дүйнөдөн өтүп кетти. Спектакль кийин төрт жылдай театрдын сахнасында коюлуп, орто жолдо Жалал-Абад облусунда ачык асман алдында коюлуп кийин токтоп калган. Буюрса аны кайра театрдын сахнасына чыгаралы деген ой бар", — деди Сартбаев.
Сүрөт тартылган маалда Эсенбү Нурманбетова 34, Эсен Молдокулова 50, Искендер Сартбаев 24, Кайыргүл Сартбаева 55 жашта болгон. "Курманбек" эпосунун негизинде жаралган Насыр Давлесовдун операсына көптөгөн чыгармачыл инсандар катышкан.