Кыргыз театрынын чолпон жылдыздары. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
Солдон оңду көздөй биринчи катарда тургандар: СССРдин эл артисти, атактуу актриса Даркүл Күйүкова, СССРдин эл артисти, залкар актриса Сабира Күмүшалиева, КРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев. Экинчи катарда театр режиссёру Адылбек Дыйканбаев, 1980-жылдары Ош облустук маданият башкармалыгынын башчысы Садык Мадумаров, төкмө акын Токтосун Тыныбеков, үчүнчү катарда Ош облустук драма театрынын директору Асан Сапаров жана Киров атындагы театрдын директору Абдугани Абдугафуров турат. Чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1980-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ошол кезеңди котормочу, драматург Абдугани Абдугафуров мындайча эскерет.

"Менимче, бул сүрөт Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында тартылган. Ал кезде Күлүйпа Кондучалова маданият министри болуп иштеп, биз министрликтин коллегиясына барганбыз. Иш-чарага республикадагы бүт театр ишмерлери чогулган. Сүрөттөгү инсандардын көпчүлүгү менин кесиптештерим, замандаштарым. Мисалы, төкмө акын Эстебес Турсуналиев менен дос болчубуз, режиссёр Адылбек Дыйканбаев менин көп чыгармамды театрларга койгон. Асан Сапаров жакшы кесиптешим, Садык Мадумаров бизге жол көргөзгөн жетекчибиз эле. Ал эми актриса Даркүл Күйүкованы убагында Ошко чакыртып "Саманчынын жолунда" Толгонайдын ролун аткартканбыз. Анда өзбек театрынын актёрлору өзбекче аткарса, актриса кыргызча бир жумадай ролун ойноп эки улуттун өкүлдөрү жакшы кабыл алган. Сабира Күмүшалиева, анын жолдошу Муратбек Рыскулов менен жакын мамиледе болуп үйүнө чейин мейманга барып калдым. Себеби жубайлардын уулу Искендер Рыскулов досум эле. Ал Оштогу драма театрында менин көп чыгармаларымды койгон", — деди Абдугафуров.

Абдугани Абдугафуров кыргыздын көп драматургдарынын чыгармаларын өзбек тилине которуп, театрга койдурган. 82 жаштагы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер азыр да ардактуу эс алууда, котормочулук менен алек.
Тема боюнча:
Шаардан "чарчаган" Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова. Таберик сүрөт
Мураталы Күрөңкөев менен Молдобасан Мусулманкулов. Таберик сүрөт
Бири-бирин колдоп, кубаттап... Сартбаева менен Молдобасановдун таберик сүрөтү
Адамдык сапаты бийик, чыгармачыл дарамети күчтүү эле. Базаровдун таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0