Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Абрамстардын" согушка ашыгышы. Украина менен НАТОнун стратегиялык мүдүрүлүшү

© AP Photo / Mindaugas KulbisАбрам танкасы. Архивдик сүрөт
Абрам танкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн чабуулу, НАТОнун ээн калган европалык арсеналдары, Украина Куралдуу күчтөрүнүн согушка жарамдуулугунун төмөндөшү АКШ тарабынан Киевге Abrams танкаларынын жөнөтүлүшүн тездетти.
Анткен менен эскилиги жеткен M1A1 версиясындагы отуз чакты машина украиналык согуштук аракеттер театрында абалды өзгөртө албай турганы ырас. Бирок жыгылган күрөшкө тойбойт тура деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул ирет аталган танкалардын тартууланышы боюнча кеп учугун козгогон.
Пентагон Украина Abrams бирдиктерин мурда пландалгандай келерки жылдын башында эмес, быйыл күзгө чейин аларын жар салды. Бирок мындай тездетилиши майданда майнаптуулукту төмөндөтөт. Себеби мурун убада кылынган M1A2 модификациясындагы жаңы танкалардын ордуна Украина Куралдуу күчтөрүнө АКШ армиясынын паркындагы корпустары оңдолгон M1A1 техникалары жөнөтүлмөкчү. Бул машиналар 32 жыл оболу “Чөлдөгү бороон” операциясында пайдаланылганы маалым.
Пентагондун маалымат катчысы Пэт Райдердин айтымында, M1A1 Abrams танкалары менен M1A2 модификациясындагы бирдиктердин өзгөчөлүктөрү "бипбирдей". Анын ичинде “алдыңкы курал тутумдары”, атап айтканда, 120 мм замбирек жана 12,7 мм калибрдеги пулемет менен жабдылган. Урандык бронясы жок, бирок M1A1 Abrams танкасынын штаттык топтомуна акталган уран камтылган М829 куралды тешип өтүүчү дүрмөттөр колдонулат. Бутасын 3 500 чакырымга чукул аралыктан жабырката алат.
40 бирдиктен турган ок-дары топтомунда да 3 000 метрге чейинки кумулятивдик М830, бетонду тешүүчү майдаланма М908, майда октуу М1028 снаряддар бар. Танкага каршы коргонуучу ракеталык комплекс жана автоматтар жок, автоматтын ролун экипаждын төртүнчү мүчөсү аткарат. Дал ушул жагы – франциялык "Леклеркадан" башкасы НАТОлук танкалардын орток технологиялык көйгөйү. Дүрмөттөрдүн гильзаларынын жарымы күйүп, кызып турган калдыгы танканын ичинде “күйүп” бүтөт.
Ал эми мурда убада кылынган M1A2 бирдиги командир, айдоочуга ылайыкталган оптика менен жабдылган. Бул экипажга кырдаалдан кабардар болуп турууну камсыз кылат. “Абрамстардын” башкаруу тутуму Украина Куралдуу күчтөрү үчүн болушунча (украиналык экипажды даярдоону тездетүү үчүн) жөнөкөйлөштүрүлөт. Кыязы, бортунда бир нече ыраактыкты ченөөчү лазердик аспап, замбиректен ок атуу үчүн электрондук баллистикалык эсептегич калтырылса керек.
M1A1 Abrams танкынын негизги техникалык мүнөздөмөлөрү америкалык куралдын күчү жөнүндөгү мифтерди төгүндөйт. Салмагы – 63 тонна, көпүрөлөрдүн баары эле көтөрө албай турган оор машина. Танканын корпусу, мунарасы ширетилген. Мунарасынын үстүңкү бронясынын калыңдыгы болгону 38 мм, ал эми корпусунун 30 мм болгон борту 32 мм броня менен көктөлгөн. Динамикалык коргоосу жок. Кубаттуулугу 1 500 аттын күчүнө тете газ-түтүктүү кыймылдаткыч саатына 72 чакырымдык ылдамдыкта (крейсердик ылдамдыгы – саатына 40 чакырым) айдоого мүмкүндүк берет. Толук май куюлса шосселерде 440 чакырымга чейин жүрө алат.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Путин: Россиянын акталган ураны бар ок-дарыга жооп кайтарчу нерсеси бар

Abrams менен Т-90М бирдиктеринин айырмасы

НАТОЛук танкалар ашкере макталып, мүнөздөмөлөрү жагынан россиялык аналогдоруна караандабайт. Америкалык "Абрамс" менен россиялык Т-90М украиналык согуштук аракеттер театрындагы кармашы Батыштын куралдарынын технологиялык артыкчылыгын даңазалаган уламыштарды биротоло жок кылат.
Аскердик атайын операцияда "Прорыв" танкы мыктылыгын көрсөтүп, апта аягында РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Т-90Мди "дүйнөдөгү мыкты танк" деп атады.
Россиялык негизги танкалардын бири болгон Т-90М "Прорыв" аскердик кудурети, буталарын жабыркатуу ыраактыгы, ылдамдык жана маневрдүүлүк жагынан өз муунундагы НАТОлук аналогдорунан алда канча артык. Т-90М негизги куралы – жылмакай стволдуу 125 мм замбирек, 4 000 метрге чейин (10 миң метрлик баллистикалык траектория боюнча чачыранды-майдаланма дүрмөттөр менен) мээлейт.
Эске салсак, "Абрамс" замбирегинин жана НАТОлук негизги танкалардын мээлөөчү аралыгы 3 500 метрден ашпайт. Ал эми танкага каршы коргонуучу ракеталарга россиялык танкалар жана германиялык "Леопарддар" гана ээлик кылат. Албетте, россиялык ракеталар кыйла майнаптуу. Ок атуу артыкчылыгы айныгыс. Т-90М танкынын салмагы 48 тоннага чукулдайт.
Ошондой эле экспорттук Т-90МС бирдиги өзүнүн эң жогорку аскердик мүнөздөмөлөрү менен дүйнөдөгү эң популярдуу танкага айланган. Аталган машина Азербайжан, Алжир, Армения, Вьетнам, Түркмөнстан, Уганда, Ирак армиясында колдонулат. Ага Кувейт менен Сауд Арабиясы да кызыгууда.
Соңку жылдары россиялык Т-90 танкасынан 2000ден ашуун бирдик чыгарылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн тек гана кыялы бойдон калууда. Баса, Индияда лицензиялык өндүрүшү жолго салынган. Т-90М машинасынан 500 даананы куроо үчүн Египет да өз заводун ачууну пландоодо.
РФ Коргоо министрлигинде мындай машиналар жүздөп саналат, өз паркын тынымсыз кеңейтип келет. Дмитрий Медведевдин айтымында, быйыл Россия 1 500 танк чыгарат.
Акталган уран менен снаряд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия британиялык акталган уранга кандай чара көрөт? Сереп

Abrams танкынын согуштук тажрыйбасы

1991-жылдагы "Чөлдөгү бороон" 18 "Абрамс" үчүн соңку операция болгон. Алардын бир нечеси ирактык Т-72нин, ал эми жети машина “достук күчтөрдүн” огунан талкаланган. Иракта көп жыл колдонулган M1A1 (1984-жыл) модификациясындагы эки миңден ашуун Abrаms танкынын кыймылдаткычы чаңдан улам жапырт жарактан чыккан.
Ирак согушунда (2003 - 2011-жылдары) Abrams топтору көп жоготууга учураган. Алгачкы эки жылда эле 1 135 "Абрамстан" турган паркынын 70 пайызы негизинен советтик өндүрүштөгү бирдиктер менен аткыланган. Андан кийин АКШ Ирактын америкалыктарга ыктаган армиясына 140 M1A1 Abrams танкын бөлгөн. 2016-жылдын аягында танкага каршы коргонуучу ракеталар менен "жихадчылар" 47 машинаны жок кылган. Жарнамаларга, ашкере мактоолорго карабастан согуш талаасында "Абрамстардын" заманбап модификациялары да кыйын абалда калган.
2015-жылы Сауд Арабиясы хуситтерге каршы согушуп жаткан йемендик отряддарга M1A2S модификациясындагы ондогон танкаларды берген. Бир жыл аралыгында “козголоңчулар” ошол машиналардын жыйырмасын, анын ичинде үч M1A2S Abrаms жок кылууга үлгүргөн.
Ал эми кепти Украинага бурсак, НАТОлук танкалар абадан калкалоочусуз жүрбөйт. Бул жактагы согуштук аракеттер театрында алгачкы Leopard 2A4 немец танкаларынын пайда болушу россиялык күчтөрдүн ок атуу, тактикалык жана стратегиялык үстөмдүгүнө таасир эте алган жок.
Сирияда "жихадчылар" Эль-Баб шаары үчүн айыгышкан кармашта советтик өндүрүштөгү "Фагот" менен "Конкурс" ракетага каршы танкалары менен Leopard 2A4түн он бирдигин талкалаган.
Америкалык M1A1 Abrams, Пентагон киевдик режимге 30 эмес, 300 бирдик берсе да россиялык атайын аскердик операциясынын жүрүшүн да, жыйынтыгын да өзгөртө албайт. Ал эми акталган уран кошулган америкалык M829 снаряддарын атайын операция зонасында пайдалануу Кошмо Штаттарга эч жакшылык алып келбейт.
Украиналык согуштук аракеттер театрындагы ыкчам кырдаал Украина Куралдуу күчтөрү менен НАТОнун стратегиялык кыйраганын тастыктайт. Россиялык күчтөр Киевге баш ийген аймакта шашылыш топтолгон “чабуулдук гвардияны”, күйүүчү май, ок-дары жана Батыш тартуулаган эски техникалар кампаларын жок кылууда.
Эгер НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россия менен жамааттык аскердик тирештин узак мөөнөттүү пландарын чиймелеп жатса, альянстын мүчөлөрү Украинага аскердик жардамдын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө улам билдирүүдө. Ал тургай америкалык басылмалар, анын ичинде Foreign Policy журналы кырдаалды жашырбастан: "Украиналык армия керексиз оюнчуктарды көп алып жатат", - деп жазды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Польшанын МиГ-29 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Польшанын МиГ-29 жана Македониянын Су-25 учактары Украинага жардам бере алабы?
Жаңылыктар түрмөгү
0