Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Польшанын МиГ-29 жана Македониянын Су-25 учактары Украинага жардам бере алабы?

© AFP / RADOSLAW JOZWIAKПольшанын МиГ-29 учактары. Архив
Польшанын МиГ-29 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Батыштын киевдик режимди эскирген курал менен жабдышы украиналык калктын санын азайтып, мамлекеттүүлүгүн кыйратууда. Польшалык МиГ-29 жана македониялык Су-25 Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготууларын гана арбытат.
Пентагон 20-мартта Киевди 350 млн. долларга өз арсеналынан ок-дарынын жаңы партиясы менен жабдый турганын жар салды. Салыштырмалуу сумма анчалык көп эмес, 155 мм артиллериялык 70 миң дүрмөткө – бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн айлык ченемине тете деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Кезектеги топтомго күзөтүүчү катерлер, реактивдүү IMARS снаряддары, радиолокацияга каршы коргонуучу HARM ракеталары, 155 мм артиллериялык дүрмөттөрү, 81 мм миномёт, AT4 гранатомёттору жана алардын ок-дарысы камтылат.
Киев көптөн бери күтүп жаткан F-16 истребителдери бул ирет да Пентагондун тартууларынын тизмесинде жок. Анткен менен Варшава Киевге убада кылган жыйырма МиГ-29 истребителинин төртөөнү бермек болуптур. Польшанын күчтөрү советтик өндүрүштөгү 22 МиГ-29А жана алты МиГ-29УБ менен куралданган. Бул учактар 2002-жылы Германиядан 1 еврого сатып алынган.
Буларга катар эле Словакия да Украинага өз армиясынын жарактан чыгарылган 13 МиГ-29 истребителин (бул жакшылыгы үчүн Братислава 900 млн. доллар компенсация алмакчы) берүүгө макул болду. Мурда да Түндүк Македония Киевге төрт Су-25 чабуулдук учагын тартуулаган. Алар туура 22 жыл мурда сатып алынып, ушул тапта капиталдык ремонт талап кылынат.
Украина Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Сергей Голубцов The Times гезитине берген маегинде: "F-16 күтүп жатканыбызда менин мыкты учкучтарым набыт болууда", - деп каңырыгы түтөгөн. Анын баамында кол алдындагылар НАТО стандарттарындагы учактарды айдоону бир нече айда өздөштүрө алат. Ал альянстын адистеринин көп жылдык окутуу зарыл деген пикирлери натуура деп эсептейт. Киев да россиялык канаттуу ракеталар, сокку уруучу дрондорго каршы күрөштө эскилиги жеткен МиГ-29 истребителинин майнапсыздыгын белгилейт.
Россиянын Аба-космос күчтөрүнүн истребителдик авиациясы Донецк эл республикасынын асманындагы кезектеги украиналык Су-25 истребителин талкалады. Атайын аскердик операция маалында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 403 учагын жана 223 тик учагын "демилитаризацияланган" (https://t.me/mod_russia/24990). Экинчи жагынан Британия Польша менен Словакиянын шарттуу жоготууларын өзү колдонгон истребителдери менен толуктайт. Өзү АКШдан жаңыларына буюртма берет.
Украина жаңжалы – анын Куралдуу күчтөрүнүн эсебинен НАТОну кайра куралдандырууну тездетүү мүмкүнчүлүгү. Politico басылмасы Украинанын тез арада кыйрашынан европалык аскер өнөр жай комплексинин келечеги көз каранды экенин жашырбайт. Капарга албоо керек, мында кеп бизнесте гана.
НАТОнун чыгыш европалык өлкөлөрү киевдик режимди аскердик авиация менен жабдууну ачык жарыялоодо, тизмеде ондогон бирдиктер бар. РФ Коргоо министрлигинин статистикасы жыл аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 400дөн ашуун учагы жок кылганын тастыктайт. Былтыр февраль айында Украина Аскер-аба күчтөрүнүн катарында
152, анын ичинде бардык типтеги 85 истребитель жок кылынган.
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулун кандай натыйжа күтөт? Сереп
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "демилитаризацияланган" төрт жүздөн ашуун учактын 250 бирдиги – АКШнын акчасына дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон советтик жана россиялык өндүрүштөгү МиГ-29, Су-27, Су-24 жана Су-25 Батыштын купуя жабдуулары.
Бул көрсөткүчтөр Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн жогорку аскердик потенциалын, ал эми киевдик режимге Батыштын аскердик жардамынын майнаптуулугу төмөн экенин чагылдырат. Ошондой эле украиналык аскер-аба күчтөрүнүн кадрдык таңсыктыгын согушка жарамдуу эмес экенин айгинелейт. Муну НАТОнун авиаторлору да моюнга алышат.
Британиянын дасыккан учкуч-истребители Уильям Гиллин CNN телеканалына
МиГ-29дар менен жабдуу бир жагынан Украинанын абадан коргонуу тутумун чыңдаганы менен Россия менен жаңжалда Украинанын кырдаалын өзгөртүп же артыкчылык бере албастыгын айткан. "Эгер бир муунга артка калсаңыз, майданда барып да кереги жок. Азыр украиналык аскер-аба күчтөрү орустардан бир муун артта" - деген көз карашта ал. Мында МиГ-29 менен F-14 – бирдей, тагыраак төртүнчү муундагы учактар экенин эскерте кетели. Украина президенти Владимир Зеленскийдин америкалык истребителдер жаатындагы куру кыялы негизсиз. Согуш талаасында F-16 анын өлкөсүнө жеңишти тартуулай албайт.
Россиялык атайын аскердик операция зонасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн бардык типтеги бомбалоочу, чабуулдук учактары, истребителдери бири нече күн, ал тургай бир нече саат гана керекке жарашы ыктымал. Алардын бортунда GPS мээлөөчү тутумдар орнотулган JDAM авиабомбалары учактардын өмүрүн узарта албайт. Россия Аскер-аба күчтөрүнүн "аба – аба" тибиндеги Р-37М ракеталары буталарын 6 Мах ылдамдыкта 400 чакырым аралыктан жок кыла алат. Ушундай кубаттуулуктагы курал Кошмо Штаттар менен НАТОдо жок.
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн генералы Жеймс Хекердин пикиринде, Россия Куралдуу күчтөрүнүн зениттик ракеталык комплекстери альянстын көптөгөн учактарын "жараксыз" кылып таштады. Украина Куралдуу күчтөрү менен Батыштын дагы бир көйгөйү – россиялык аскердик учкучтардын дасыккандыгы. Демек, Киев жар салган "жазгы контрчабуул" эффективдүү авиациялык колдоого ээ болбойт.
Иш жүзүндө НАТО менен АКШ Зеленскийден "тез жеңишти" эмес, украиналык аскерлердин жапырт жанкечтилигин ыкчам уюштурууну талап кылып жаткандай. Кремлдегилер мурда да НАТО өлкөлөрүнүн Украинаны истребителдер менен жабдуу альянстын жаңжалга түздөн-түз аралашуусун күчөтүп, жамааттык Батыштын кыйынчылыктарынын санын арттырат.
Көп жылдык украиналык жаңжал АКШ менен НАТОнун стратегиялык максаттарын – постсоветтик мейкиндикти кыйратуу ниетин түк өзгөртпөстүгүн айгинелейт. Россия коргонууда. Бардык инструмент, укук жана эркиндиктин даражаларына ээлик кылган РФ жарым жолдо токтоп калбайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Су-34 истребитель-бомбалоочу учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Украинадагы атайын операция маалында Су-34 учагынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0