Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия британиялык акталган уранга кандай чара көрөт? Сереп

© AP Photo / Hidajet DelicАкталган уран менен снаряд. Архив
Акталган уран менен снаряд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Британиянын киевдик режимди акталган уран менен камсыздоосу Батыштын аргасыз абалын айгинелейт. Анткени украиналык согуштук аракеттер театрындагы кырдаал алар күткөндөй болбой көп полярдык дүйнө түптөлөт.
Андай дүрмөттөр россиялык жаңы аймактарда пайдаланылса Украина Куралдуу күчтөрү менен НАТОнун мөөнөтү чектелбеген аскердик кылмышы катары каралат. Себеби согуш талаасында урандын уулуу чаңынын жай калкты өлүмгө кептөө коркунучу кылымдар бою сакталат. Ракеталык-өзөктүк Россия Югославиядай эмес, эгер буга катаал чара көрө турган болсо, НАТОнун чагымчылары оңбой каларын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Атайын аскердик операция аймагындагы, атап айтканда, Артемовск, Авдеевка, Северск райондорундагы россиялык күчтөрдүн ийгилиги, россиялык-кытайлык кызматташтыктын бекемдеши, РФти "глобалдык Түштүк" өлкөлөрү колдогону Батышты бушайманга салууда. Киевдик режим америкалык прокси-согушта жеңилүүдө.
Пентагон менен альянстын арсеналы түгөнүп барат. Кол куурчакка айланган Гаага сотунун Россияга каршы чечимине адамзаттын 90 пайызы мыйыгынан күлдү. Батыш өлкөлөрүндө эс-учун жыюуга чакырыктар жаңырып, ал эми Румыниянын парламентинде НАТОнун курамынан чыгуу сунушу да айтылды.
Тарыхтын ушундай курчуп турган түйүнүндө Британия Challenger-2 танкалары үчүн Украинага акталган уран камтылган L26A1 жана L27A1 снаряддарын бермекчи. Ушул айдын аягына дейре камсыздалып бүтөрү айтылат.
РФ президенти Владимир Путин Батыш тарабынан мындай курал колдонулса Россия чара көрөрүн билдирди. РФ коргоо министри Сергей Шойгунун пикиринде, "дүйнө өзөктүк кагылышка бир кадамга жакындады". Аскердик коопсуздук жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдө (ЕККУнун форуму) РФтин делегациясынын жетекчиси Константин Гаврилов Украина Куралдуу күчтөрү НАТОнун акталган уран камтылган дүрмөттөрүн пайдаланышы Россияга каршы ыплас өзөктүк бомбаларды колдонуу катары караларын белгиледи. Ошону менен бирге эле ал: "Эскерткен эмессиңер дебегиле", - деп кошумчалады.
Эгер атайын аскердик операция зонасында британиялык уран пайдаланылса, РФ Куралдуу күчтөрү ага ыкчам жооп кайтаруу үчүн ыраак аралыкты багындырчу конвенциялык жана атайын инструменттердин кеңири түрүнө ээ. Бул үчүн россиялык куралдын түрү Кремлдин саясий чечиминин катаалдыгына жараша тандалары бышык.
Британиядагылар Россиянын айыптоолоруна: "Британиялык армия акталган уранды өзүнүн курал-жаракты тешип өтчү дүрмөттөрүндө ондогон жылдардан бери колдонуп келет. Бул – өзөктүк куралга эч кандай тиешеси жок стандарттык компоненти", - деп жооп берди. Ошентсе да Британиянын ушул кадамы АКШ менен Германияга да мындай көрүнүштүн кайталанышына жол ачат. Алар да киевдик режимди өздөрү берген танк, пехота машиналар үчүн акталган уран камтылган ок-дары менен жабдышы ыктымал. Америкалыктар күзгө чейин Киевди камсыздап жетишүү үчүн M1A1 модификациясындагы 30 даана Abrams танкаларынын ремонтун тездеткени да тегин жерден эмес. Анткен менен башында кыйла заманбап M1A2 модификациясындагы каражаттарды убада кылышкан.
Адатта акталган уран камтылган снаряддар менен Leopard-2, M1 Abrams, Challenger-2, БМП Bradley жана Marder танкалары октолот. Эмне үчүн НАТО ушул тапта акталган уран кошулган ок-дарыга басым жасоодо? Себеби Украина Куралдуу күчтөрүнүн начар абалын байкап, тирешти дагы узартуунун амалын издеп жатат.
Уран – планетадагы эң оор элемементтердин бири, ал эми акталган түрү өзөктүк отун же өзөктүк куралды жасоодогу кыйыр өндүрүмү. Британиялык "Челленжер" Hunter-Killer режиминде 20 бутадан сегизин жок кыла алат. Challenger-2 L26 менен L27 уран камтылган дүрмөттөрү менен эки чакырым аралыктан 580 миллиметрден 700 миллиметрге чейинки калыңдыктагы зоотту тешип өтөт. Анын америкалык заманбап аналогу M829A3 да 700 миллиметрге чейинки куралды теше алат. Т-72Б3 танкынын маңдайкы проекциясынын корголушу – 590 мм, ал эми Т-80У – 780 миллиметрди түзөт. Россиялык Т-90М танкынын корголушу жана согуштук күчү кыйла жогору. Адистердин баамында бир уралдык "Прорыв" танкы күч жагынан эки заманбап "Абрамска" тете. Бирок маселенин маңызы башкада.
АКШнын жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: АКШ Кытайдын Украина боюнча планы колдоого алынат деп кооптонууда
Акталган уран колдонулган жер түбөлүккө ууланат. Британиялык L26 жана L27 дүрмөттөрү (же алардын америкалык жана германиялык аналогдору) пайдаланылса, анын жаратылышка жана карапайым калкка кесепети жаман. Акталган уран атылганда абага чачылган өтө уулуу радиоактивдүү бөлүкчөлөрү (4 млрд жылда барып ажырайт) жеңил жутулчу чаң түрүндө 40 чакырымга чейин таралат.
Мисалы, 1999-жылы Югославияны "радиоактивдүү бомбалоодон" соң Сербиянын бир топ райондору ээн калган. Онкология боюнча статистика дароо өскөн. Пчиньск округунда эле онкологиялык илдеттен жылына 35 менен 50 жаштын ортосундагы 800 киши (болжол менен калктын бир пайызы) каза болот. Бул жактагы югославиялык күчтөр жайгашкан жерлерге америкалык A-10 Thunderbolt чабуулчулары 24 жыл мурун 238 жана 236 уран камтылган кассеталык ок-дарыны ташташкан.
Түндүк атлантикалык альянс Югославияга акталган уран кошулган 31 миң ок-дарыны сарптаган, бул 15 тоннага чукул көлөм эле. Анын кесепетинен АКШ, Италия, Чехия, Греция, Испания менен Бельгиянын өздөрүнүн "тынчтык орнотуучулары" да жабыркап, жүздөгөн киши илдетке кабылган. Онкологиядан саналуу айдын ичинде ондогон кишилер набыт болгон. Америкалык жоокерлердин Пентагонду айыптаган арызын Эл аралык сот кабыл албай койгон.
Он жыл аралыгында Италиянын соттук инстанциялары Югославиядагы уран кошулган ок-дары менен бомбалоодон жабыркаган аскерлердин 253 арызын канааттандырган. БУУнун атайын комиссиясы андай кейиштүү кырдаалга себептүү байланышын тактай алган эмес. Бирок 1999-жылдын май айында маалымат каражаттарына чыгып кеткен БУУнун купуя отчетунда акталган уран камтылган куралга карата "бул ок-дары – өзөктүк калдык, аны колдонуу өтө кооптуу жана зыян" деген баа берилген.
Иракта да ошол окуя кайталанган. Абройлуу америкалыык Military Watch Magazine басылмасы 2003-жылы акталган уран кошулган ок-дары колдонулгандан кийин лейкемия, өпкө, мээ, уйку без, репродуктивдүү органдардын онкологиясы кескин өсүп кеткени катталганын маалымдаган. Ар кандай мутациялык төрөлүүлөр күч алганы айтылган. Айрыкча америкалыктар андай уран кошулган ок-дары менен тынымсыз бомбалаган Эль-Фаллужи шаарындагы абал, анын 4 800 тургунун сурамжылоодон кийин профессор Крис Басби рактын кескин көбөйүп кетиши менен ошол жылдагы бомбалоонун байланышы бар деген тыянакка келген. Ошондой эле калкка келтирилген ал зыян "Хиросимада аман калгандарга тийген залалга окшош" экенин белгилеген.
Ушундай көрүнүштөрдөн кийин киевдик режимдин акталган уран кошулган НАТОлук дүрмөттөр менен жабдылышына Москва кандай карашы керек? Өзүнүн күчтөрү жана жаңы аймактарынын жай тургундарына каршы ушундай куралдын пайдаланышына Россия кандай чара көрүүгө тийиш? Болушунча катаал жооп кайтарылары турулуу иш.
21-мартта РФ президенти Владимир Путиндин КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен биргелешкен басма сөз жыйынында белгилегендей, жамааттык Батыш украиналык согуштук аракеттер театрында өзөктүк курамы бар куралды пайдаланууну самап, куру кыялдарга батпасын. Эгер Вашингтон өзүнүн үстөмдүгүн сактап калуу үчүн Россия менен тирешти дүйнөлүк масштабдагы жаңжалга айлантса, кесепетин болжоп болбойт. Анын зыянын тек гана британиялыктар гана эмес, НАТО өңдүү агрессивдүү блоктун бардык мүчөлөрү тартары ажеп эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Крым кимдики деп сурабайт". Захарова Британия, Киев, ураны бар октор тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0