АКШдагы элчилик россиялык ЖМКлар менен күрөшүүнүн майнапсыздыгын көрсөтүп берди

© AP Photo / Susan WalshРоссиянын АКШдагы элчилиги. Архив
Россиянын АКШдагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Евробиримдик өткөн жылдын 2-мартында Украинада башталган атайын операциядан улам RT менен Sputnik сигналдарынын таркатылышына тыюу салган.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Вашингтондун россиялык ЖМКлар менен күрөшүү аракети — америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын чачып жибергендей эле кеп, глобалдуу маалымат мейкиндигин каалагандай калчай албайт. Мындай билдирүүнү Россиянын АКШдагы элчилиги таратканын РИА Новости жазды.
"Бул жактагылар кеткен кадырын жана эл аралык иштерге жасап көнгөн үстөмдүгүн сактап калууга эле аракет кылбастан, глобалдуу маалымат айдыңын өзүм каалагандай калчайм деген ойдо. Ишке ашпайт. Чындыкты элден жашыруу мүмкүн эмес. Жасалып жаткан аракеттин баары — куру убара, элдин акчасы сапырылып жатат. Карапайым калк Ак үйдүн тышкы саясий алешем кадамдарын эле эмес, аларды жайылтууну да каржылап жатат", — деп айтылат элчиликтин маалымат катчысы Игорь Гиренконун билдирүүсүндө.
Дипмиссиянын өкүлүнүн айтымында, "ата мекендик кабарчылардын айткан-дегенине Вашингтондо тыюу салынышы түшүнүктүү, чындык дайым чычалатып келген". "Дүйнөлүк аренадагы окуяларды калыс чагылдырып келген медиаларыбыздын аудиториясы өсүүдө. Ал эми жергиликтүү фейк фабрикалары чындап кыйынчылыкка тушуккандай — адеп-ахлак менен профессионалдык этиканын бардык нормалары жок болгон", — деди Гиренко.
"АКШ аймагында россиялык ЖМКларга түрдүү тоскоолдуктарды жаратуу менен администрация АКШ Конституциясынын биринчи өзгөртүүсүнөн пародия жасап алды", — деп кошумчалаган өкүл.
Пентагондун Түштүк командачылыгынын башчысы Лора Ричардсон Конгресстен россиялык ЖМКлар менен күрөшүү үчүн кошумча каражат сураган. Ал Sputnik агенттиги менен RT телеканалынын Латын Америкасындагы ийгилигин жүйө келтирип, мындай жагдай АКШга болгон ишенимди жоготуп жатканын белгиледи.
Батыштагы россиялык ЖМКлар акыркы жылдары бир топ кыйынчылыкка дуушар болду. 2016-жылдын ноябрында Европарламент россиялык ЖМКларга каршы туруунун зарылдыгы айтылган резолюция кабыл алган. Анда башкы кооптуулук катары Sputnik менен RT аталган эле. Америкалык сенаторлор менен конгрессмендер, Франция президенти Эммануэль Макрон турган Батыштын бир катар саясатчылары Sputnik агенттиги менен RT телеканалын АКШ жана Францияда өткөн шайлоого кийлигишти деп күнөөлөгөн. Расмий Москва далил талап кылып, айыптоолордун баарын четке кагып келет.
Евробиримдик өткөн жылдын 2-мартында Украинада башталган атайын операциядан улам RT менен Sputnik сигналдарынын таркатылышына тыюу салган. Тизмеге эч негиз келтирилбестен RT - Russia Today English, RT - Russia Today UK, RT - Russia Today Germany, RT - Russia Today France жана RT - Russia Today Spanish, ошондой эле Sputnik кирген.
РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров буга чейин Москва Батыш журналисттерге, спортчуларга, маданияттын өкүлдөрүнө каршы санкция киргизет деп күтпөгөнүн билдирген. РФ президентинин алдындагы Адам укугу боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча маселени караган өкүлү Тереза Рибейрага кайрылуу жолдоп, орус тилдүү басылмалардын кысымга учураганына байланыштуу пресса эркиндигине таандык нормалардын сакталышына кам көрүүгө чакырган.
Ал эми Журналисттердин европалык федерациясынын жетекчиси Рикардо Гутьеррес ЕБде россиялык ЖМКлардын тыюу салынышы "прессанын эркиндигине кооптуулук жараткан прецедент түзүп койгонун" билдирген болчу.
Россия сегодня эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Киселев ЕБдин "Россия сегодня" медиатобуна салган санкциясына комментарий берди
Жаңылыктар түрмөгү
0