Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош унаа жолу жабылды

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүЖол тазалоо иштери. Архивдик сүрөт
Жол тазалоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2023
Жазылуу
Эки жерге көчкү түшкөн, техникалар биринчи тилкени тазалап бүтүп, анан экинчисине өтөт.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түндө Бишкек — Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайына кар көчкү түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык баракчасына жазды.
Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, бүгүн саат 09:30 чамасында унаа жолдун 223-чакырымында (Чычкан капчыгайынын Шаркыратма тилкеси) көчкү түшкөн. Учурда анын көлөмү такталууда.
Жерине Жол тейлөө ишканасынан эки жүктөгүч тартылган. Алар 231-чакырымга түшкөн кар көчкүнү дагы тазалап, андан соң 223-чакырымга барышары айтылды.
Токтогул районунун “Арал” жана Жайыл районунун "Сосновка" постторунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Ала-Букадагы алтын кенде кар көчкү 4 адамды басып калды. Куткаруу учуру видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0