Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолуна көчкү түштү

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖолуга көчкү түштү. Архив
Жолуга көчкү түштү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там (Кытай менен бириктирүүчү эки жолдун бири) жолуна көчкү түшүп, жолдор убактылуу жабылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жалпысынан көлөмү 7 000 куб метр кар түшкөн.
Маалымат кызматы ал жерде аталган министрликтин жумушчулары атайын техника менен карды түрттүрүү, жолду тазалоо иштерин жасап жатканын билдирди.
Күнгө жылынып отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0