Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүнгө жылынып отурган адам. Архив
Күнгө жылынып отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Кээ бир аймактарда термометрдин көрсөткүчү +25ке чейин жетет.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет март айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын айлык орточо температурасы нормадан 1,0...1,5 градуска жогору болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометМарт айында абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в марте 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Март айында абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1,0…1,5ке жогору болуп, 4…6 градуска жылыйт. Тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө норманын чегинде туруп 0…2 градус жылуу болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 4…9га чейин, күндүз 8…13төн 19…24кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -2…-+3кө чейин, күндүз 2…7ден 11…16 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…-5ке чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 43-61 мм, тоо этектеринде 30-52 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5тен жогору болуп, 2…4 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 2…7ге чейин, күндүз 7…12ден 16…21ге чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…5ке чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1,…1,5тен жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз 6…11ден 15…20га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 53-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-56 мм).
Кардын үстүндө турган кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Кар, жаан жаайт. Өлкөдө бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5тен жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6га чейин төмөндөйт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз 6…11ден 15…20га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден 3…8ге чейин, күндүз 5…10дон 13…18ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 68-70 мм, тоо этектериндеги райондордо 87-122 мм, Токтогул районунда 33-35 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5тен жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска төмөндөшү мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз 6…11ден 15…20га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 0…5ке чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 25-27 мм, тоо этектериндеги райондордо 68-70 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5ке жогору болуп, 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз абанын температурасы 2…7ден 10…15ке чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (5-16 мм, чыгышында 28-35 мм).
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Кыргызстанда арзан электр энергиясынын лимитин эки эсе көтөрүү пландалууда

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5га жогору болуп, 0…-2 градус суук , Кочкор районунда 0…2 болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12ге чейин, күндүз 2…7ден 10…15ке чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (9-23 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5дан жогору болуп, -8…-10 градус суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -9…-14кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -16…-21 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…-5тен 1…6га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (32-34 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5дан жогору болуп, -3…-5 градус суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -10…-15ке чейин, күндүз -2…+3төн 4…9га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (42-44 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5дан жогору болуп, -8…-10 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -3…+2ден 3…8ге чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (23-25 мм).
Бет капчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу? Эпидемиологдун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0