2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар

© Sputnik / Эламан Карымшаков КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев менен кошотшуу зыйнаты. Архив
 КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев менен кошотшуу зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Кыргызстан узап бара жаткан жылы да бир катар белдүү инсандарын ажалга алдырды. Көбү илимге, маданиятка, спортко өмүрүн арнаган. Элесиңер дайыма жүрөгүбүздө!
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2022-жылы арабыздан кеткен кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандарды санап өтөт.

Омор Султанов

КР эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 86 жаш курагында дүйнө салды. Коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
© Фото / пресс-служба ТЮРКСОЙКР эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов
80-летний юбилей Омора Султанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
КР эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов
Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору.
Улуттук кино өнөрүнө да салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" аттуу даректүү фильмдер тартылган.

Жылдыз Малдыбаева

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында 8-февралда көз жумду.
Жылдыз Малдыбаева — кыргыз кыздарынан чыккан тунгуч композитор, профессор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, КР эл артисти, Даңк медалынын ээси жана билим берүүнүн отличниги.
Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлүп, Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Музыка жаатында бир катар эмгектерди жараткан. Жылдыз Малдыбаева — СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Канатбек Сыдыгалиев

Кыргызстандык белгилүү кикбоксчунун каза болгондугу тууралуу 11-февралда кабардар болдук. Канатбек Сыдыгалиев 44 жашта эле. Ал 1999-2004-жылдары кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону (WBKF), Европа чемпионатынын коло байге ээси болуп, дүйнө чемпионаттарынан алтын, күмүш жана коло медалдарды алган (WAKO). Ошондой эле дүйнө кубогун утуп, профессионалдар арасында Европа чемпиону аталып (WIKO), континеттер аралык чемпионатта биринчи орунду багындырган.
Рингде Куюн деген каймана ысымды алып жүргөн.

Арстанбек Мурзалиев

91 жаш курагында билим берүү, илим, медицина тармактарынын көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Мурзалиев көз жумгандыгы тууралуу 21-мартта белгилүү болду.
© Фото / пресс-служба КГМАБилим берүү, илим, медицина тармактарынын көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Мурзалиев
Академик НАН КР, профессор, доктор медицинских наук Арстанбек Мурзалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Билим берүү, илим, медицина тармактарынын көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Мурзалиев
Мурзалиев Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү илимпоз, дасыккан адис, Кыргызстандагы неврология жана медициналык генетиканы изилдөө жана өнүктүрүү жаатындагы илимий мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон.

Молдомуса Конгантиев

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда дүйнөдөн кайтты. Ал 64 жашта эле.
Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.
© Фото / пресс-служба МВД КРМурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев
Генерал-лейтенант в отставке, бывший министр внутренних дел Молдомуса Конгантиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев
2010-жылы 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда нааразычылык эң курч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден нааразы болгон митингчилердин колуна түшүп калып, ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.
2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган. Молдомуса Конгантиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Арзыгүл Галымбетова

Баткен шаарында журналист Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылды. Ал 2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы болуп иштеп жаткан.
© Фото / с личной страницы в соц сетяхЖурналист Арзыгүл Галымбетова
Региональный корреспондент ИА AKИpress Арзыгуль Галымбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Журналист Арзыгүл Галымбетова
Арзыгүл Галымбетова 37 жашта болгон. Маркум өзү туулуп-өскөн Баткен шаарында жерге берилген.

Марат Алышпаев

КР эл артисти Марат Алышпаев 4- апрелде дүйнө салды. Эл артисти быйыл 75 жашка чыкмак.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулуп, 1965-жылы мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Ортодон Москвадагы театралдык институтуна сынак аркылуу өтүп кеткен.
© Фото / Александр ФедоровКР эл артисти Марат Алышпаев
Актер, народный артист Кыргызстана Марат Алышпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
КР эл артисти Марат Алышпаев
Таланттуу актёр Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Белгилүү актёр менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Алгач туулуп-өскөн айылына коюла турган маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Бактыбек Мамытов

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны көп жылдан бери ооруп жүргөн. КР эл артисти, белгилүү алып баруучунун каза болгондугу тууралуу суук кабар 20-майда айтылды.
© Фото / сайт КТРККР эл артисти, белгилүү алып баруучу Бактыбек Мамытов
Известный диктор, заслуженный артист КР Бактыбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
КР эл артисти, белгилүү алып баруучу Бактыбек Мамытов
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Ал теле жана радионун босогосун 21 жашында аттап, ошондон баштап чыгармачылык менен алектенип келген.
Мамытов көп жыл КТРКда "Арноо концертин" алып барган. КР эл артисти, Даңк медалынын ээси.

Замир Молдошев

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев 69 жашында каза болгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Генерал-майор аскердик жолун 1971-жылы баштап, взводдун командиринен чек ара бөлүмүнүн төрагасына чейин командалык кызматтарды басып өткөн. Ал тажик-афган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуу батальонунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгону айтылат.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында жеке эрдиги жана чебер жетекчилиги үчүн Замир Молдошев Эрдик медалы менен сыйланган.

Марат Казакпаев

10-июнда саясат таануучу Марат Казакпаев жарыкчылык менен кош айтышты. Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан Казакпаев 9-июнда комага түшкөн. Жактоочусу анын инсульттан улам мээсине кан куюлуп кеткенин билдирген. Ошол бойдон айыга алган жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марат Казакпаев
Политолог Марат Казакпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Саясат таануучу Марат Казакпаев
Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, 2020-жылы кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
УКМКнын абагында каза тапкан "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия түзүлгөн.

Кимсанбай ажы Абдурахманов

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 23-ноябрда дүйнө салды.
© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов
Первый верховный муфтий Кыргызстана Кимсанбай ажы Абдурахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов
Кимсанбай ажы Абдурахманов 1990-жылдын сентябрында Бишкекте алгачкы ислам медресесин ачып, 1993-жылы Ислам институтуна айланткан. 1991-жылы ал жетектеген 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылыкка барган. Ошондой эле бир нече медресе, мечиттерди ачууга салым кошкон. 1992-1996-жылдары, 2000-2002-жылдары муфтий кызматын аркалаган.

Бекжан Темирхан

Ырчы Бекжан Темирхан бир ай мурда Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылып каза болду. Ал болгону 27 жашта эле.
Кырсык 10-ноябрь күнү кечки саат 22:35 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 118-чакырымында катталган. Ырчы отурган автоунаа Боом капчыгайындагы "Семенов" көпүрөсүнөн Чу суусуна кулап кеткен. Ал "Эзилип бүттүм" ыры менен белгилүү болгон эле.

Азиз Мурадилаев

17-декабрда КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев 44 жашында оорудан каза тапты.
Мурадилаев каза болорунда сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюуну суранган. Керээзи аткарылып сөөгү аталган жайга жерге берилди.
© Sputnik / Эламан КарымшаковКРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев
Гражданская панихида заслуженного артиста КР Азиза Мурадилаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев
Азиз Мурадилаев боор оорусунун кесепетинен шишик басып, реанимацияда болчу. Актёрдун боорун алмаштыруу керектиги айтылып, 45 миң доллар чогултуу туурасында кеп болгон. Акчанын көп бөлүгүн мамлекет башчы бөлүп берген эле. Операцияны чет өлкөдөн жасоо пландалып жаткан. Бирок ага жетишпей калды.
Коштошуу зыйнаты 19-декабарда өмүрүн арнаган Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Мурадилаев кыргыз киносу жана театрында көптөгөн ролдорду жаратып, өзгөчө Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролу менен эсте калды. Маркумдун эки уулу бар. Актер үй-бүлөдө жалгыз бала болгон, атасы Үсөн Мурадилаев да 42 жашында акка моюн сунган.
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар
Жаңылыктар түрмөгү
0