Автоунаасы жардан кулап кеткен. Ырчы Бекжан Темирхан Боомдо кырсыктап көз жумду

© Фото / пресс-служба ГУОБДДКеминде автоунаа жардан кулап кеткен
Кеминде автоунаа жардан кулап кеткен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Ырчы отурган автоунаа Балыкчыга бара жатканы айтылды.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ырчы Бекжан Темирхан Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылып каза болгонун ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 10-ноябрь күнү кечки саат 22:35 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 118-чакырымында ("Муздак суу") катталган.
"Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 25 жаштагы айдоочусу батыштан чыгышты көздөй (Бишкектен Балыкчыга) бара жатып аласалып кеткен. Жыйынтыгында автоунаанын ичиндеги 27 жаштагы ырчы Бекжан Темирхан көз жумган. Айдоочу ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ берген кабар боюнча, ырчы отурган автоунаа Боом капчыгайындагы "Семенов" көпүрөсүнөн Чу суусуна кулап кеткен.
Бекжан Темирхан кыргыз шоу-бизнесинде жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылардын бири. Ал коомчулукка "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Ата-энем" деген ырлары менен таанылган. Айрым соцтармак колдонуучулары Бекжан Темирхан 14 күн мурда үйлөнгөнүн жазып чыгышты.
Бишкектеги Түштүк магистралда катталган жол кырсыгы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Машина талкаланып калган. Түндө Бишкекте жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0