00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:13
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия ишин аяктады

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт
Саясат таануучу Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
Комиссия ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын бешөө УКМКнын абагында болгон.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын абагында каза тапкан "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөгү жазуулар менен таанышууга, ошондой эле мекеменин кызматкерлери жана кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Комиссия ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын бешөө УКМКнын абагында, жетөө өкмөт үйүндө болгон.
"УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, байкоочу камералардагы жазуулар, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери каралган, аны менен катар көз жумгандар менен чогуу кармалгандар, абактын кызматкерлери, чакырууга келген Тез жардамдын медиктери суралган. Бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу да болгон. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлары жөнүндө алдын ала корутундуга келди", — деп жазылган маалыматта.
Ушундай иштердин кайталанбашы үчүн комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылган.
"Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайларды, тергөө абактарын жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот", — деген комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.
Эске салсак, бир топ убакыттан бери тергөө абагында кармалып турган саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.
Экинчи өлүм 2022-жылдын 18-июнунда болгон. УКМКнын тергөө абагында отурган "Айыл банктын" насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин өз жанын кыйганы кабарланган. Ал "Айыл банк" төрагасынын орун басары болуп дагы иштегени маалым.
Президент Садыр Жапаров бул кайгылуу окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп чыгуу үчүн комиссия түзүүнү тапшырган.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Радио
Эксперт: Казакпаевдин өлүмү боюнча сот, прокурордун жоопкерчилиги каралыш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0