Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис кыргызстандыктарга кайсы медициналык кызмат бекер көрсөтүлөрүн айтты

© Sputnik / Асель СыдыковаМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй облустук башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй облустук башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй облустук башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев өлкөдө медициналык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берди.
Медициналык камсыздандырылгандарга биринчи кезекте ден соолугун камсыздандыруу үчүн чегерүү жүргүзгөн иштеген адамдар, социалдык жөлөк пул алган жарандар, 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар (орто мектептин окуучулары), аскер кызматкерлери жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алган адамдар кирет. Бул тууралуу Эркинбек Шабралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адис кыргызстандыктарга кайсы медициналык кызмат бекер көрсөтүлөрүн айтты
Анын айтымында, камсыздандырылбаган жарандарга ооруканаларда жеңилдиктер каралган эмес. Мындай адамдар кошумча төлөмдү толук төлөшөт.
"Өлкө Конституциясына ылайык, оорулардын айрым түрлөрү боюнча медициналык жардам, ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу катмарына медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. Бирок бул норма көп учурда кагаз жүзүндө калып, бейтаптардан акча талап кылуу боюнча даттануулар бар. Ал эми кээ бирлер өз укуктарын биле беришпейт. Республикада Мамлекеттик кепилдик программасы иштейт. Анда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүгө тийиш болгон медициналык жардамдын бардык түрлөрү каралган. Катталган калк негизги лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү бекер жүргүзүүгө укуктуу. Программага ылайык, камсыздандырылган жарандар алдын алуу жана эмдөө, диагностика (адистештирилген дарыгердин кабыл алуусу жана консультация), адистин жолдомосу менен негизги лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү (жалпы кан анализи, заара анализи жана зааранын микроскопиясы, уретриялык жана кындын мазокторунун микроскопиясы, какырыктын анализи, кандагы же заарадагы кантты аныктоо, кандагы холестеринди аныктоо, электрокардиограмма) бекер алышат. Кыргызстандын бардык жарандарына медициналык тез жардам акысыз көрсөтүлөт. Анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу да бар. Мындан тышкары, медициналык инъекция үчүн (венага, булчуңга, тери астына) эч кандай акы алынбайт. Камсыздандырылган калкка реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам да бекер көрсөтүлөт. Оорулуулардын жеңилдетилген категориялары үчүн эгерде врачтын жолдомосу болсо, негизги кызматтардан башка да кошумча кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу бардык клиникаларда жана ооруканалардын дубалдарында, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында жайгаштырылган", — деди Шабралиев.
Ал медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча суроолор, өтүнүчтөр жана даттануулар болсо 113 телефонуна чалып, ММК фондунун адистеринен кеңеш алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0