Ушаков: ЕАЭБдин Бишкектеги саммитинде газ биримдиги темасы козголушу мүмкүн

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГаз бөлүштүрүүчү станция. Архив
Газ бөлүштүрүүчү станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
Россиянын вице-премьери Александр Новак Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ тармагында, анын ичинде көгүлтүр отун менен камсыз кылууда жана аны кайра иштетүүдө кызматташуу үчүн чоң потенциалы бар экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков ЕАЭБдин Бишкекте өтөт турган саммитинде Россия, Казакстан жана Өзбекстан газ биримдиги тууралуу сөз болорун четке каккан жок. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Бул идея талкууланууда. Аталган тема Бишкекте да козголушу мүмкүн. Өзбекстандын премьер-министри келет, балким, жолугушууда кандайдыр бир байланыш болушу мүмкүн”, — деди Ушаков.

Казакстан менен Россиянын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин ноябрдын аягында Кремлде өткөн жолугушууда Россия газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймактарына ташуу боюнча аракеттерди координациялоо үчүн Өзбекстандын катышуусунда “үч тараптуу газ биримдигин” түзүү маселесин талкуулашкан. Бул идея биринчи этапта координациялоо механизмин түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бирок бул маселелер дагы эле талкууга алынышы керектигин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.
Россиянын вице-премьери Александр Новак Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ тармагында, анын ичинде көгүлтүр от менен камсыз кылууда жана аны кайра иштетүүдө кызматташуу үчүн чоң потенциалы бар экендигин белгилеген.
Бишкекке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери келе баштады, тагыраагы, биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко келип түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Саммит: Бишкекке биринчилерден болуп Лукашенко келип түштү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0