Кыргызстанда балдар көп ооруп жатат. Илдетти алдын алуу жолдору тууралуу маек

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБаланы карап жаткан дарыгер. Архив
Баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Буга чейин өлкөдө инфекциялык оорулардын саны бир жумада 43 пайызга өскөнү тууралуу маалымат айтылган. Бейтаптар негизинен Бишкек шаарында жана Чүйдө көп катталып жатат.
Sputnik редакциясында КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын ассистенти, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасынын дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Азый Шайымбетов болду. Биз учурдагы абал жана жугуштуу оорулар тууралуу маектештик.
© Sputnik / Асель СыдыковаКММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын ассистенти, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасынын дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Азый Шайымбетов
Врач Республиканской клинической инфекционной больницы Азый Шайымбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын ассистенти, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасынын дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Азый Шайымбетов
— Өзгөчө Чүй менен Бишкекте жугуштуу илдеттер менен ооругандар көп болуп жатышынын себеби эмнеде?
— Муну аба ырайы менен да байланыштырууга болот. Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына 2022-жылдын 1-январынан тартып декабрь айына чейин 8 800дөн ашык бейтап курч респиратордук вирустук инфекция менен кайрылды. 4 316 адам ооруканага жаткырылса, анын 4 281и — балдар (катуу курч респиратордук инфекция менен ооругандар). Мындайча айтканда, ооруканага жаткырылган бейтаптардын 98 пайызы бөбөктөр болууда. Инфекциялык оорулар менен жабыркагандардын көбөйүшү — мезгилдик көрүнүш. Чоӊдор дары-дармек ичип бир-эки күндүн ичинде эле сакайып кетүүдө. Ал эми балдардын иммундук системасы алсыз болгондуктан организми вируска туруштук бере албай, оору катуу формада өтүп жатат. Курч респиратордук инфекция дем алуу системасын жабыркатат. Ал мурун көңдөйүнөн башталат. Мурдунан суу куюлуп, тамак бездери кызарып, шиший баштайт. Катуу, кургак жөтөлсө, анда трахеялар сезгенген. Андан ылдый инфекция бронхага түшүп, анда да дарыланбаса пневмония башталат. Кабыл алууда алгач текшерип, оор респиратордук инфекция менен дене табы 39-40тан түшпөй келген балдардан ооруну кайсы вирустар козгогонун аныктайбыз. Анын жыйынтыгы менен учурда эл арасында парагрипп, грипп Б, грипп А, бокавирус, аденовирус, риновирус, респиратордук синцитиалдык инфекция, коронавирус инфекциялары жүрүп жатканы маалым. Бизге азыр бейтаптар көп келип жатат. Бул вирустар жаз, күз, кыш мезгилинде күчөйт. Ал эми коронавирус жана аденовирустук инфекция жылуулукту жакшы көргөндүктөн жайында козголот.
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 100 миллиондогон адам жылына ушундай жугуштуу ооруларга чалдыгат экен. Азыр чоңдор эмес балдарды деле үй шартында антибиотик берип дарылаган учур көп кездешип жатат. Кандай шартта антибиотик берүү керек?
— Балдар сыркоолоп калганда ата-энелер ооруканага алып барбай, үйдөн эле дарылоосу адат болуп калды. Ооруп келгендер кайсы антибиотиктерди ичкенин бизге санап беришет. Дарыларды ким жазып бергенин сурасак өздөрү эле билип ичип жатышкан болот. Бул такыр туура эмес, олуттуу көйгөйгө алып келет. Антибиотик өзү эле химия. Көрсөтмө менен гана ичүү зарыл. Болбосо ички организмге терс таасирин тийгизип, дисбактериоз деген көйгөйдү жаратат. Аны алдын алуу үчүн врачка кайрылуу керек. Эгер курч респиратордук оорунун белгилери байкалып, бала шалдырап, дене табы көтөрүлүп, мурду бүтүп же куюлуп жатса, үч күн үйдө карайбыз. Үч күндө дене табы түшпөсө, төртүнчү күнү антибиотик берүү керек деген түшүнүк бар. Бирок антибиотик кандан анализ алынып, сезгенүү байкалса гана берилет.
Адатта бир жашка чейинки 100 бала жугуштуу вирус менен ооруса, анын отузунун оорусу сөзсүз курч формага өтөт. Ал кулакка берет же пневмонияга өтүп кетет. Наристенин кулагын текшерип, өпкөсүн тыңшап, анан оорунун күчөгөнү байкалса гана антибиотик берилет.
— Айрымдар бала сыркоологондо дароо ооруканага алып келбегиле деп дары-дармек жазып берип, дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдөн дарылоону кеңеш кылат экен. Баланы сөзсүз ооруканага алып келүү керекпи же курчуп кетсе гана барган туурабы?
— Учурда ушундай практика колдонулуп жатат. Мага деле чалып баланын дене табын айтып кеңеш сурашат. Адамдар бир дары ичип эле дароо сакайып кетсем дейт. Телефон аркылуу кеңеш берүүдө да байкоо керек. Мен баланы көрбөгөн жагдайда препарат жазып бере албайм. Болгону биринчи медициналык жардам көрсөтүлөт. Эгер дене табы 38,5 болсо парацетамол ичирип, суюктуктан көп берүүсүн түшүндүрөбүз. Баланын салмагына жараша (бир килограммга 100 миллилитр — Шайымбетов.) күнүнө суусундук берилет. Бирок баланы бир текшертип коюу керек. Жугуштуу оорулардан тышкары да дене табын көтөрүүчү илдеттер болот. Аны бир гана врач аныктайт.
— Вирустук инфекциялардан кантип коргой алабыз?
— Кичине балдардын бир жылда алты жолу тумоолошу норма болуп эсептелинет. Эгер алтыдан көп болсо, ооруга көп чалдыккан балдардын категориясына кирет. Аларга бир аз башкача мамиле кылуу керек. Азыр өлкөдө гриппке жана коронавируска каршы гана вакцинация жасалат. Бизге бир күндө 50 киши келсе, анын 25и грипп менен кайрылат. Коомдук жайларда, көпчүлүк менен иштегендер сөзсүз вакцинация алышы керек. Анын ичинде дарыгерлер да бар. Грипп жыл сайын мутация боло берет. Эмделгендер жеңил түрү менен гана ооруйт. Коронавирустук инфекциянын мутациясына вакцина алуу абзел. Коронавирус кете элек, анын гриппке окшош түрү жашообузда калды. Ал эми жугуштуу оорулардан балдарды туура тамактандырып, иммунитетин көтөрүп сактай алабыз.
— Кошумча витаминдерди берүү керекпи?
— Балдар таза абага көп чыгып, өспүрүмдөр спорт менен машыкса ден соолукка пайда. Витаминдүү тамактарды бергиле. Иммунитети алсыз балдарга чыңдоочу препараттарды да дарыгерлер жазып бериши керек. Бардык бала ооруйт, бирок ден соолугу ойдогудай болсо жеңил өтүп кетет.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Мите курттар адамдын канын азайтып, алсыратат. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0