Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кытайда Россиясыз Европа кандай кыйналары айтылды

© AFP / JENS SCHLUETERҮй-жайсыз адам акча сурап жатат Галледе (Германия). Архив
Үй-жайсыз адам акча сурап жатат Галледе (Германия). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Макаланын автору Батыш триллиондогон инвестициялык капиталынан кол жууп калышы ыктымал экенин белгилеген.
БИШКЕК, 14-окт.— Sputnik. Кокус Европа Россия менен иштешпей калса, Батышта социалдык, экономикалык өзгөрүүлөр болуп, ири көлөмдөгү каражатынан кол жуушу ыктымал. Бул тууралуу Гонконгдун Asia Times басылмасы эскерткенин РИА Новости жазды.
Макаланын автору эгер Европа Россияны "жашоосунан" чийип салса, пессимисттик божомолдо Европа социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, триллиондогон инвестициялык капиталынан кол жууп, жашоо деңгээли дароо түшүп кетерин белгилеген.
"Батыш өзүнө келип абалын түшүнө баштаганда баары кеч болуп, жалгыз калат. Анткени Россия Чыгыш менен иштешип кетет. Ал эми АКШ өз арабасын өзү тартып калат. Ошондон кийин Европанын Кошмо Штаттардай өзү менен өзү болуудан башка аргасы калбайт", — деп жазылган макалада.
Буга чейин Испаниянын Rebelión басылмасы Европа өзүн АКШнын сөзүнөн чыга албаган колониясы сымал алып жүргөндүктөн Батышты ойго келбеген нерсе күтүп турганын эскерткен.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операция баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн. Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы менен газ кымбаттап, инфляция өстү. Бул негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди.
Россия газын ЕБге ташыган куур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Түркияда Евробиримдик Россияга багынып берүүгө жакындап калганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0