Түркияда Евробиримдик Россияга багынып берүүгө жакындап калганы айтылды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүРоссия газын ЕБге ташыган куур. Архив
Россия газын ЕБге ташыган куур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Серепчи Евробиримдиктин көгүлтүр от маселесин чечүүгө дарманы жетпей жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Евробиримдик газ маселесинде Россияга багынып берүүгө жакындап баратат. Бул тууралуу түркиялык серепчи Хасан Басри Ялчиндин макаласында айтылганын РИА Новости жазды.
Ал Евробиримдиктин көгүлтүр от маселесин чечүүгө дарманы жетпей жатканын белгилеген.
"Эгер силер анын жолун билбесеңер, анда багынасыңар. Менимче, Европа газ маселесинде Россияга багынып берүүгө жакындап баратат. Бул жеңилүү Батыш системасынын кулаганынан кабар бермекчи", — деп жазган Ялчин.
Эксперт белгилегендей, АКШда ноябрь айында конгресске шайлоо өтөт. Бирок анда ким жеңери белгисиз. Ошол себептен Европа АКШнын жардамына таяна албайт. Эгер шайлоодо республикачылар утуп кетсе, анда ЕБ АКШнын жардамынан кур жалак калмакчы. Кандай болгон учурда дагы Кошмо Штаттар Европаны газ менен камсыз кыла албайт.
Макаланын автору европалыктарга көгүлтүр оттун кору да жардам бербей турганын айтып, газ менен камсыздоонун альтернативдүү варианттарын иштеп чыгуу аракеттери ички карама-каршылыктардан жана саясий эрктин жоктугунан улам ишке ашпай жатканына токтолгон.
"Россиянын экономикасы санкциялардан улам кыска мөөнөттө алсырап калган жок. Көрсө, Россияга Европанын акчасына караганда, Европага Россиянын газы көбүрөөк керек экени билинип калды", — деген Ялчин.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операция баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн.
Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы менен газ кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди.
Түндүк агым газопроводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
The Wall Street Journal: Европадагы абал эң начар сценарий менен бара жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0