Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын экс-сенатору дүйнө Россиянын жаңы аймактарын акырындап таанырын айтты

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРФ лидери Владимир Путин жана жаңы аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койуу аземинде. Архив
РФ лидери Владимир Путин жана жаңы аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койуу аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Мамлекеттик Дума 3-сентябрда бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылды.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Дүйнө коомчулугу ДЭРдин, ЛЭРдин, Херсон жана Запорожье облустарынын Россияга кошулушун акырындап таанышы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын Виргиния штатынан мурда сенатка шайланган Ричард Блэкт РИА Новостиге маек берип жатканда айткан.
"Бул (Россияга төрт субъектинин кошулушу — ред.) саясий өңүттөн алганда россиялык кызыкчылыктарды алдыга жылдырат... Жаңы аймактарды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныбаганы менен... акыры бул нерсе болот", — деген ал.
Блэктин айтымында буга окшогон процесстер болгондо "жакынкы союздаштардын анча көп эмес бөлүгү биригүүнү тааныйт", негизи эле бул акырындап ишке ашчу нерсе.
"Украина бул аймактарды кайра алат деп ойлобойм", — деген агенттиктин маектеши.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү. Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон. Андан соң РФтин Конституциялык соту бул документттердин Баш мыйзамга туура келерин тааныган.
Ал эми Мамлекеттик Дума 3-сентябрда бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылды.
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын курамына жаңы төрт аймакты кабыл алган келишимге Кремлде кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0